Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусу, Талас 30.09.2019 17:19

Айыл турмушу: Таластык Ы.Дөөлөталиев 150 миң сомго чейин бааланган койлорду багып сатууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Аманбаев айылынын 64 жаштагы тургуну Ырысбай Дөөлөталиев гиссар тукумундагы койлорду багып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул койлорду багып жатканына 6 жыл болду. 1972-жылы Түркмөнстандын Чарджоу шаарынан мелиоратор адистигине ээ болуп келип, бир топ жыл эмгектенген. Азыр пенсияда болгондуктан мал чарбасы менен алектенет.

«6 жылдан бери жалаң гиссар койлор багылат. Башында жөнөкөй койлорду бакчумун. Гиссар койлор этти көп берип, баасы кымбат болгондуктан ушул койлорду багууга өткөм. Кичинекей 2 кой бакканча 1 гиссар кой баккан жакшы. Союлганда 70 кг чейин эт берет. Азыр азайып, 40 баш калды. 100 башка чейин багабыз. Бир кой 15 миң сомдон ылдый болбойт. Козулары 6500 сомдон болот. Базарга алып барганда унаадан түшүрбөй сатып алып кетишет. Үйгө каражат керек учурда сатабыз. Тактап айтканда, гиссар койлорду багуу менен үй-бүлөлүк бюджетибизди бекемдеп турабыз. Айтып койгон оңой, бирок аны багуу түйшүктүү. Жайы менен тоюттарын камдайбыз.

Гиссар койлорду бакканга жараша салмак топтойт жана төл берет. Күнүм ушул койлорду жем-чөбүнөн калтырбай, ач кылбай өтөт. Жайлоо же кыштактарга жибербейм. Үйгө багам, ден соолугунан бери көзөмөлүмдө болот. Койлор куйруктуу болгондуктан салмактары 7 кг ашат. Аны жаштар жебейт. Ошондуктан жубайым аны туздап, маринаддап бышырып коёт. Ысырап болуп ташталбайт. Койлордун көрүнүштөрү дагы башкача. Кулактары, буттары узун жана чоң келет.

Кышкысын тууп калганда козуларын бапестеп өзүнчө карайбыз. Бир аз чоңоюп алса суук коркунуч жаратпай калат. Булардын чыдамдуулугунда сөз жок. Күз айларында семиртип коём, кыштан оорубай чыгып кетет. Кочкорду жыл сайын породасы жакшы болсун деп алмаштырып турам. Акыркы кочкорду козу кезинде 30 миң сомго сатып алгам. Кайра сатыкка чыкса 100-150 миң сомдон кем болбойт», - деди ал.

Ырысбай мырза 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×