Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 02.10.2019 09:32

Аба ырайы: Бүгүн тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн

Turmush -  Бүгүн, 2-октябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. 2-3-октябрда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоо этектериндеги кээ бир райондорунда 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×