Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 04.10.2019 21:30

Айыл турмушу: Бакай-аталык С.Култаев айылындагы жалгыз чачтарач (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылынын 33 жаштагы тургуну Сейитказы Култаев 15 жылдан бери чачтарач болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, чач тегиздегенди окуучу кезинде эле үйрөнгөн.

«Мектептеги курагымда эле классташтарымдын чачын тегиздеп калчумун. Эң биринчи өзүмдүн инимдин чачын алганым эсимде. Анын чачын 1 сааттан ашык убакытта тегиздегем (күлүп). Биринчи чач кыркканыма өзүм дагы ыраазы болгом. «Сен деле мыкты чачтарач турбайсыңбы» деп досторум, кошуналарым келе башташкан. Ошону менен жумушум кайталанып кардарларым көбөйдү. Ошентип мектепти бүтүп эле чач тегиздеп кесип катарында иштеп калгам. Кайсы жерде жүрсөм дагы шаймандарым жанымда жүрөт. Ар жерге алып эле жүрчүмүн. 15 жылдын акыркы 3 жылынан бери үйүмдүн жанына атайын чачтарачкана ачып иштеп келем. Бул ишке кызыгуум чоң болгондуктан жана колумдан келерин билип киреше тапсам болот экен деп калгам. Азыркы күндө чай-чамакке тыйын чыгып турат. Бир баланын чачын 50 сомго кыркып берем. Айылга ылайыктуу баа деп эсептейм. Азыркы кезде айыл тургундары, мектеп окуучулары келишет.

Атайлап чач тарачтын кесибине ээ болбосом дагы жакшы өздөштүрүп, нараазычылык сөз укпаганга аракет кылам. Күнүнө 5-10 кардардын чачын кыскартам. Айылда жалгыз чачтарач болуп, кардарлар кээде кезек күтүп калышат. Айылда мода менен чач тегиздетишпейт. Кыска кылып гана алдырышат. Окуучулар канатка, полубокс деген жасалгаларга басым коюшат. Жалпысынан спорттук стилде тегиздетишет», - деди ал.

Сейитказы мырза мындан тышкары дыйканчылык менен алектенет. Үй-бүлөдө 3 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×