Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 04.10.2019 14:14

Өзгөчө ысым: Кара-бууралык П.Абдыжапарованын атын уккандар таң калып кайра сурашат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылынын 15 жаштагы тургуну Пейил Абдыжапарованын атына кызыгып, «ушундай дагы ысым барбы?» деп таң калгандар көп. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, атын атасы койгон.

«Атымды атам пейили кенен, үлгүлүү кыз болсун деп коюптур. Ысымыма кызыгып сурагандар көп болот. «Эмнеге мындай деп койду эле?» деген суроолорду көп берет. Кээде мектептер арасында иш-чаралар болуп, башка мектептен келгендер дагы «ушундай дагы ат барбы?» деп атымды кайра сурашат. Бирок эң кызыгы менин атымды Сейил деп дагы адашып айтып алышат. Айылымдагы менден улуу эже мени көпкө чейин Сейил деп айтып жүрдү. Кийин ал эжеге атым Пейил экендигин айттым. Ал эже аябай таң калып, «мурда эле айтпайт белең» деп күлгөн.

Атым Пейил болгондуктан ачык адаммын. Бош убактымда ат мингенге кызыгам. Сабактан болсо мага математика жана биология сабактары жагат. Келечекте дарыгер болгум келет», - деди ал.

Пейил үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×