Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуКара-Буура району 07.10.2019 11:46

Айыл турмушу: Кара-бууралык А.Барпиев очокторду жасап, сезондо 100 миң сомго чейин табууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылынын 44 жаштагы тургуну Алмаз Барпиев заманбап очокторду жасап иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, очокторду 4 жыл мурда жасай баштаган.

«Чоң атам менен таятамдан үйрөнгөн устачылыкты кесипке айланткам. Себеби анын аркасы менен каражат табам. Негизи эле курулуш иштерине тиешелүү заманбап бардык иштерди жасоо менен очокторду дагы салам. Жөндөмүмө карап, усталардын жасаганын бир көрүп бардык иштерди аткарам. Алгачкыларын Бишкекте жасадым. Ошондон бери элден эл угуп буйрутманын аягы түгөнбөйт. Казакстанда дагы бир топ жыл үйлөрдү евростилде кооздоп, жакшы тажрыйба топтоп келгем. Очоккананы жасоодо кызмат акым майда-чүйдө, кооздоо иштери менен 10 миң сом болот. Сезон убагында 100 миң сомдон ашык таза пайда табам. Кесибим менен сыймыктанам.

Мындай очоктор газ системасында болуп, үнөмдүүлүгү менен айырмаланат. Экинчиден түтөп жүдөтпөйт жана кооз болот. Газ системасында десе газ түтүкчөлөрү кошулат деп ойлоп алышкандары дагы болгон. Мында очок салуунун тиби ошондой болуп курулат жана казандын түбүнө от тегиз тийип, андагы тамак-аш, суу бат эле кайнап чыгат.

3 көздүү очок 500 кыш пайдаланып, толугу менен 2 күндө бүтөт. Буйрутманы көбүнчө шарттарына карап күз айларында беришет. Анда күн бирде ысык, бирде суук болот. Ошого карабастан кызматымды аткарам. Кызыккан жаштар көп болот. Шыгын байкап көрүп, жаныма алып жүрүп үйрөтөм», - деди ал.

Алмаз уста 2 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×