Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусу, Талас 13.10.2019 21:06 Жаңыланды: 14.10.2019 08:55

Мекендештер: 21 жаштагы Илгиз Европанын 27 шаарын кыдырып чыкты (сүрөт)

Turmush -  Талас районуна караштуу Көк-Токой айылынын 21 жаштагы тургуну Илгиз Сейдиракманов билимдин аркасы менен 9 мамлекеттин 27 шаарын кыдырды. Аймактын кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, саякаттоого кичинесинен эле кызыгат. Учурда Германияда практика өтөп жүрөт.

«Талас шаардык №1 орто мектебинде билим алдым. Ал жактагы сынактан 3 жыл катары менен география сабагынан 1-2-орундарды камсыздагам. Мектепти аяктаган соң Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде инженер-технолог адистиги боюнча билим алдым. Университетте чет өлкөлөргө практика өтөөгө жөнөтүүчү программа бар экенин билип, ал жакка өтүүгө болгон аракетимди жасап баштадым. Анын жардамы менен немис, англис тилдерин үйрөнүүгө да мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул программа менен бир нече өлкөлөрдү кыдырып, практика өтөөгө себеп болду. Мисалы, Франция, Голландия, Бельгия, Дания, Түркия, Россия жана Германиянын көптөгөн шаарларына бардым. Жалпысынан 9 мамлекеттин 27 шаарын көрдүм. Бул өлкөлөрдү 2017-жылдан тартып 2 жыл аралыгында кыдырдым.

Саякат учурунда кызыктуу окуялар да болду. Дания мамлекетинде жүрсөк немис улутундагы адам "сен өзбексиңби?" деп сурап калды. "Жок, мен кыргызмын" десем биздин тунгуч президент Аскар Акаев жөнүндө айтып кирди. "Мен аны жакшы тааныйм, ал физик да" десе аябай таң калдым. Анан кыргыз жазуучуларынын бир топ чыгармалары жөнүндө айтып берген.

Германиянын Гейдельберг деген шаарында велосипед менен жүрсөк жол сакчысы токтотту. Ал "эмне үчүн велосипедди катуу тээп жүрөсүң?" деп айып пул салганда таң калдым. Бул жакта велосипеддин алдыңкы токтоткучун алып койсоң да айып салат экен. Мунусу мени таң калтырды», - деди ал.

Илгиз 3 бир туугандын ортончусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×