Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 07.10.2019 16:56

Тагдыр: З.Медетбекова азаптарга карабай окууну бүтүп, жаштыгын дарыгерликке арнаган (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Орто-Арык айылынын 65 жаштагы Зуура Медетбекова бир топ жылын саламаттыкты сактоо тармагына арнаган. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Таякемдер багып алган

Талас районунун Чат-Базар айылында төрөлгөм. 8 айлык кезинде таякеси менен таажеңеси багып алып, ошолордун колунда чоңойгом. Өзүмдүн атам менен апамды эже, жезде деп калгам. Баккан атамды таяке деп айткым келбейт. Себеби мени эч нерседен кем кылбай өстүрдү. Ошентип Талас районунун Ак-Жар айылында чоңойдум. Бир үйдүн эмес, ошондо бир айылдын эрке кызы болуп өстүм. Дүкөн иштетчүбүз. Менин атым айтылбай, мени эркелетишип, Зукай, Зуля деп айтышчу (күлүп). Бирок эрке болсом дагы кичинемден чыйрак болуп өстүм.

Атам башка аял алып, апам башкага тийип кетти

8-классты аяктап жатып, дене тарбия сабагынан бийиктикке секирем деп колумду чыгарып алдым. Казакстанга чейин бардык, бир нече жолу кайталап операция жасап араң жакшы болгом. Бардык түйшүгүмө атам гана чыдаган. Ооруканага мени көргөнү атам менен апам келип турчу. Кийин каттап турган атам дагы, апам дагы келбей калды. Чоң апам аябай жамакчы жана кошокчу киши эле. Ал киши кошок менен атам менен апам ажырашып, апам башка күйөөгө тийип, атам башка аял алганын айтты. «Атасы, апасы жок кантип жүрөм?» деп катуу ыйлагам. Ошентип мени туугандар алып кетишкен. Кийинки күнү түн ичинде апам мени уурдап кетип, чогуу жашоону айтты. Бирок мен атамды жакшы көргөндүктөн апам менен жашаган жокмун. Атама кайтып бардым.

Мектепти жакшы окудум. Бирок 9-класста бааларым начарлап, билим сапатым аксап калды. Себеби апам дагы ошол эле айылга тийген. Апамдын тийип алган үй-бүлөнүн балдары мектепке өтүп бара жатканда жолдон мени ташбараңга алышчу. Мен ошол убакта депрессияга туш болдум. Ошол жерден өтүш мен үчүн тозок болчу.

Көшөгөнү алып ыргытып жиберген

Ошентип 17 жашка карап, баарын унутуп келе жатам дегенде бакма кыз экеним тууралуу ачуу чындыкты уктум. Аны угуу аябай жаман экен. Уккандан кийин эч кимге кор болбоюн деп 9-классты бүтүп эле 1970-жылы Таластагы медициналык окуу жайга тапшырып, жатаканада жашап калдым. Окуу жайда иш-чаралар болуп, анда ырдап жүрчүмүн. Ошондо өзүмдөн 7 жаш улуу бир жигит ырдаганымды көрүп жактырып калып ала качып кетти. Ал убакта башка үйдүн босогосунан киргенден кийин артка кайтуу өлүмгө тете болчу. Ыйлап-ыйлап отуруп калдым. Ошол күнү кайдан-жайдан жолдошум агасы менен уруша кетти. Жолдошум көшөгөнү алып ыргытып жиберген. Ошондо ичимден жашообуз болбой калат го деп ойлогом. Көп өтпөй боюмда болгон кезде жолдошум менен ажырашып кеттим. Кош бойлуу болуп жеңемдикине бардым. Ал дагы мени жактырбай жүрдү.

Кызымды ажырап калдым

Бир күнү жеңем мага ак нан алып келип берип эркелетип калды. Андан мурунку күнү аны менен үйгө 2 аял келгенин көргөм. Көрсө ал аялдын бирөөсү менин курсактагы балам төрөлсө өзүнө алууну жеңем менен акылдашып кеткен экен. Чыйрактыгым менен окуумду окуп жүрдүм. 1971-жылы кышында кыз төрөп алдым. Ошол күнү баягы жеңем төрөткананы тегеренип жүрүп калды. Атам менен өгөй апам мени көргөнү төрөтканага келишти. Ошондо жеңем атама «акылдашып төрөлгөн кызды бирөөгө беребиз деп койдук эле» дептир. Атам ошол жерден кетип, ичкиликке берилип кетти. Анда атага баш көтөрүп сүйлөй дагы албайт элек. Төрөтканадан чыгып жатып жеңем кызымды колумдан алганда, «кызымды бербейм» деп ийинин тиштеп алдым. Ал мени жулкуп жыгылтып салып кетип калган. Ошондо жакынкы аялдамада оонап ыйлагам. Баланы эне жүрөгү менен бербесе колдон талашып алган өтө жаман болот экен. Ошентип оорукчан дагы болуп калдым. Кийин жеңеме «кызымды сагындым, көрүп келейинчи» десем, «өпкөсүнө суук тийип өлүп калган» деп койгон. Ошентип кыйындык менен жүрүп, чыйралып окууну бүтүп кеттим.

Өлтүрүп таштабайт белең

Убакыт өтүп баарын билип калганда өзүмдү төрөгөн апама: «Мени бакканга бир сындырым нан таппай калдыңбы? Андан көрө өлтүрүп таштабайт белең» деп ыйлачумун. Апам (төрөгөн апасы) кейип, «эмне кылайын, илгери сени кайын ата менен кайын энем эле сүйлөшүп берип коюшкан» деп кутулчу. Бир тууган эжем дагы «сени бешик менен алып кетишкен. Ошондо мен сүт ичкен чыным менен жерди чапкылап ыйлагам» деп айтып жүрдү. Бакма кыз болуп, кайра ал апамдан дагы ажырап, өгөй апа менен жашадым.

Экинчи турмуш

Кийин атам: «Небере күтүп, аны көрүп калсам болот эле. Турмушка чыкпайсыңбы» деп туруп алды. Чындыгында арадан 10 жыл өтүп кетиптир. Бир күнү бир акелерибиз бирге иштешкени менен таанышып көрүүнү суранып калды. Бирок ата-энеси жок, анын дагы экинчи турмушу болсо дагы адамкерчилигин бааладым. Алгачкы таанышканда эле «мен сизди алам» деген сөздөн башка бир дагы сөз сүйлөгөн эмес (күлүп). «Турмушка чыга албайм» деп кетирип жибергем. Атам: «Тигил баланы жалдыратпа, өзүң жалдырап каласың» деди. Көрсө ал үйдү тегеренип жүрө берчү экен. Ошентип 1980-жылы экинчи турмушубузду курдук. Жолдошум эл мактаган уста киши. Улуу кишини өйдө карап сүйлөбөйт. Азыр сиңдилерим менен катташып турам. 1991-жылы атам кайтыш болуп кетти. Аябай кыйналдым, абдан жакшы көргөн кишим таштап кетти. Жашымдан бери кандай деген өксүктөр болду. Анын баарын ыр, кошок айтуу менен жеңдим. Өзүмдү өзүм көтөрдүм.

Кызыма жолугам

Эне жүрөгү баарын сезет деген чын. Баягы жеңем берип салган кызымдын өпкөсүнө суук тийбей эле аман-эсен чоңоюптур. Ошол кызыма ушул күнгө чейин жолуга элекмин. Ал жөнүндө кабарым бар. Буйруса жакында жолугам.

3 кызым медайым болду

Кесибим менен Таластагы ооруканада иштедим. Кийин Орто-Арык айылындагы ооруканада иштеп пенсияга чыктым. Жаш балдардын ден соолугу үчүн күрөшүп иштедим. Балдарды өз балдарымдан артык карачумун. Мага бөлүнгөн аймактагы балдарды кыдырып карайт элем. Кайсы үй-бүлөдө балага начар карашса, ошол үйгө күнүгө каттап, ден соолугун текшерип, алардын аман-эсен чоңоюп калуусун тиленчүмүн. Адамга жамандык кылбаш керек. Жакшылык кылууга гана күчүмдү жумшайм. Себеби ошол окуя өзүңө келип калышы мүмкүн. Азыр кудайга шүгүр, 2 уул, 3 кызым бар. Үйлөнүп, турмуш курушкан. 3 кызым медайым болуп менин жолумду жолдоду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×