Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусу, Талас 07.10.2019 22:40

Айыл турмушу: 22 жаштагы Ө.Туткучов өкүл атасы менен 30 миң сомдук эмеректерди жасап сатууда (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 22 жаштагы тургуну Өмүр Туткучов 6 жыгач устачылык менен алектенип, 30 миң сомдук эмеректерди жасап жатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Анын айтымында, кичинесинен эле устачылыкка кызыгат.

«Мен жыгач устачылыкты атайын деле бирөөдөн үйрөнгөн эмесмин. Өзүмдүн эле кызыгуум болгон. Бала кезимден бери эле устачылыкка жакын болуп чоңойдум. 2013-жылдан бери элден буйрутма алып иштейм. Жумуштун эч кыйынчылыгы деле жок. Эгер өзүңдүн кызыгууң жана шыгың болсо эч кандай деле оорчулук туудурбайт. Башында өзүм жалгыз иштеп жүрдүм. Бойдок кезде тапкан акчамдын баарын ойноп-күлүп жок кылчумун. Үй-бүлөлүү болгондон кийин үйгө жумшап калат экенсиң (күлүп).

Азыр өкүл атам менен иштешем. Экөөбүз үйдүн жанына чакан цех ачып иштетип келебиз. Буйрутма байма-бай түшүп турат. Көбүнчө бизге жай жана күз айларында буйрутма көп түшөт. Бизге буйрутма берген адамдын үйүнө барып орнотуп да беребиз. Ар бир ишти кылдаттык менен, кардарлардын оюндагыдай кылып жасап берүүгө аракет кылабыз. Кичинекей жумуш болсо бир жумага жетпей эле жасап бүтөбүз. Эгер жумушу көп болсо 1 жума убакытта жасап, үйүнө орнотуп келебиз. Ыраазычылык айткан кардарлар көп болот. Кээ бирлери үйгө келип буйрутма берип кетишет да жасап бүтүп, үйлөрүнө алып барып берсең жактырбай койгондору да болот. Бирок биз ар бир кардардын тилин таба билишибиз керек. Жылуу сүйлөп, түшүндүрүп беребиз.

Жасаган буюмдарыбыздын баасы ар кандай, 200 сомдон 30 миң сомго чейин барат. 200 сомдон олтургучтар жасалса, ал эми 30 миң сомго уктоочу (спальный) комплект жасалат. Ар бир эмеректин көлөмүнө жараша баа чечилет. Чоң жумуштун акчасы да чоң болот», - деди ал.

Уста жигит жубайы экөө тун наристесин күтүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×