Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 08.10.2019 11:15

Жубайлар: Адылбек ата менен Эрке апа келиндерге болгон нааразычылыктарын айтып чыгышты (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Орто-Арык айылындагы 84 жаштагы Койчукеев Адылбек ата менен 81 жаштагы Бердикеева Эрке апа 60 жылдан бери бирге жашап келе жатышат. Аймактык кабарчы жубайлардан кабар алды.

Адылбек ата: Жаштыгыбыз эмгек менен өттү. Азыркыдай техника, жабдык аз болуп, бардык жумушту кол менен жасап такшалдым. Бала күнүм мээнекечтикке тарбиялады. Байбичем экөөбүз 1959-жылы баш коштук. Ошондо эле байбичемди түшүнүктүү жан экенин билчүмүн. Атка учкаштырып суу кечип алып келип бүлө курдук. Азыр баары жакшы, 10 баланын ата-энесибиз. Балдарыбызды дагы бирөөгө таянбай, бирөөгө кыянат кылбай таза иштеп оокат табууга тарбияладык. Өзүбүз 30 жылдан ашуун чабан болуп, колхоздун малын кайтардык.

Эрке апа: 4 кыз жана 6 уулубуз бар. Бирок быйыл төртүнчү балабыз кырсык болуп кайтыш болуп кетти. Кейип отурабыз. Намаз окуп, түз жүргөн, мыкты бала болчу. Өз унаасын сатып, атасын ажылыкка алып барып келген. Кудай берип, кайра алат экен, айла жок.

Чабан болуп эмгектенип 10 балабызды жогорку билимдүү кылууга болгон күчүбүздү жумшадык. Эми алардын сыйында жүрөбүз. Карылыкта балдардын, неберелердин сыйын көрүүгө эмне жетсин? Бул жашоодо адамдын сыйы жана көңүлү маанилүү. Баш кошкондон бери бирөө менен бейчеки чатакташып, чоң маселеге туш болгон жокпуз. Чабан болсок дагы сакманчыларды, кийин коңшу-колоңдор менен ынтымакта жашап келе жатабыз.

Адылбек ата: Жаштар билим алып, үй-бүлөлөр ынтымакта жашап, балдар көп төрөлсө дейбиз.

Эрке апа: «Баатыр эне» орденимди көбүрөөк тагынам. Азыркы келиндерге «Баарыңар 1-2ден баладан төрөйсүңөр. Мен бул орденди силер көрсүн деп тагынам, көп балалуу болсун дейм» деп насаатымды айтуудан тажабайм. Биз айтпасак ким айтат? Азыркы келиндерге нааразыбыз. Көп баалуу болушу керек. Көп балалуу болсоң жашыңда багуу кыйын, бирок карыганда алар биз күткөн коногубуз жана тирегибиз болот.

Жубайлар уул-кыздарынан 30 ашуун неберелүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×