Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 08.10.2019 12:02

Айыл турмушу: Таластык Т.Шабдалиев 27 жылдан бери автобус айдоочусу болуп эмгектенип келет (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Көк-Токой айылынын 47 жаштагы тургуну Талантбек Шабдалиев 27 жылдан бери автобус айдоочусу болуп эмгектенип келет. Аймактык кабарчы айдоочудан кабар алды.

Анын айтымында, айдоочулук кесип жоопкерчиликти талап кылат.

«Автобус айдап калышым түшүмө да кирген эмес. 1992-жылы жубайым Кайырбүбү менен баш коштум. Атам: «Балам үйлөндүң, эми иште. Жеңил унааны айдаганды билесиң автобусту деле өздөштүрүп кетесиң» деп автобазага алып барып жумушка орноштурду. Эң алгач Талас шаарын айланып эле каттап жүрдүм. Анда маршруттук каттам эмес жалаң автобустар каттачу. Анан Талас—Бишкек каттамында «Setra» үлгүсүндөгү автобус менен каттай баштадым. Автобус кечинде кетчү. Андан соң бул автобус Казакстанга каттап калды. Мен «Mersedes» үлгүсүндөгү автобус менен каттай баштадым. Азыркы учурга чейин ушул жумуш менен алектенем», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле жумушунда болгон окуяларды эскерди.

«Бир ирет күндөгүдөй эле жумушка чыктым. Таластагы автобазага автобусту токтотуп, кишилерди сала баштадым. Ошол жерден бир тууган карындашыма жолугуп калдым. Ал 6 жашар кичинекей кызын ээрчитип алыптыр. Учурашып коюп билеттерди тактаганы кассага кирип кеттим. Кетүүгө убакыт келип, Бишкекти көздөй сапар алдым. Чек арага жетерде ошол карындашымдын кичинекей кызы келип «кандайсыз» деп учурашса чочуп кеттим. Көрсө ал автобуска түшүп бекинип алыптыр. 50 жүргүнчүнү күттүрүп коюп, карындашымдын кызын кайра жеткирип келгеним эсимде.

Адамдар болот эмеспи, бири толук, бири арык. Айрымдар отургучтарга батпай калышат. Бир толук жүргүнчү мени чакырып, «отургучка батпай кысылып жатам» деди. Анын алдындагы орундукта отурган жүргүнчүнү карасам арык кыз экен. «Чоң кыз отургучтун жөлөнгүчүн кичине көтөрүп алсаң десем көтөргүсү келген жок. Анан автобусту токтотуп, «эшикке чыгып келгиле» дедим. Кыз ордунан туруп кеткенде отургучту орду менен жылдырып койдум. Кыз такыр байкаган жок.

Бир ирет бир орунга 2 адам билет алып алыптыр. Экөөнүн тең билетин карасам туура экен. Көрсө бирөөсү 2018-жылдагы сатып алган билетин көтөрүп келип орундукту талашып жатыптыр. Аны билеттин датасынан байкадым. Жиним келди, алдаган адам жаш кыз экен. Автобусту токтотуп түш десем «аке экинчи кайталабайм» деп кечирим сурагандан кийин түшүрүп бекер алып кеттим», - деди ал.

Айдоочу үй-бүлөдө 3 кыз, 1 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×