Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуТалас району 08.10.2019 16:09

«Мага косинус-синустун кереги жок»: Мугалим Токтобү апанын окуучусу 15 жылдан кийин келип өкүнүчүн айткан (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Орто-Арык айылынын 72 жаштагы Эстебесова Токтобү апа 51 жылын билим берүү тармагына арнаган. Аймактык кабарчы ардагер апа менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында төрөлгөн. Кесиби боюнча математик мугалим.

«Кесипти тандап калуума мектеп жашымдагы мугалимдерим түрткү болгон. Анда кесипти тандоо боюнча атайын курстар бар болчу. Математиканы дурус билип, ошол тармактагы курсту дагы жакшы өздөштүрдүм. Анын үстүнө мугалимдерим «сенден жакшы математик чыгат» деп шык беришчү. Кыргыз мамлекеттик университеттин физика-математика факультетин аяктап, алгачкы эмгек жолумду өзүмдүн билим алган мектебимде баштагам. 1968-жылдан бери, тактап айтканда 51 жыл убакытымды Орто-Арык айылында математика сабагынан билим берип окуучуларга арнадым. Ошол кездерде Иманкулов Ашымбек, Баатырбек Камчыбеков деген мыкты математик агайлар бар эле. Мага жаш кезимде ошол агайлар насаатчы болушкан. Алардын жолун жолдоп, алкыштарды укчумун.

Бир катар сыйлыктарды алуу менен «Билим берүүнүн отличниги» наамына 1999-жылы ээ болдум. 1997-жылы пенсияга чыктым, бирок иштеп жүрүп, сыйлыкка пенсионер курагымда жеткем. Окуучуларымды билим боюнча сынактарга катыштырып, 6-7 жыл катары менен жеңүүчү болуп, Өзбекстанга, Кыргызстандын ар бир булуңуна барып эс алып келип жүрдүк. Ал кезде азыркыдай курал жасоого мүмкүнчүлүк аз болсо дагы түндөп отуруп алып, жоктон барды чыгарууга үйрөтчү. Мисалы сыясы түгөнүп калган калемдерди ыргытпай чогултуп, андан математикалык курал, геомертиялык фигураларды жасап, аны колдонуп түшүндүрүүгө оңой болот эле. 51 жыл аралыгында 9 классты бүтүрдүм. Алгачкы окуучуларым 54 жашка чыгып калды. Көргөн жерден учурашып калышат. Ошондо жанымда жүргөндөр «окуучуларыңыз өзүнүздөн дагы улуу болуп калыптыр го» дешет. Алар мен үчүн жапжаш бойдон кала берет.

Азыр сыймыктанган окуучуларым көп. Арасынан так илимдерге кызыкпагандар дагы болор эле. Бир окуучум «Эже, косинус-синус мага керек эмес. Ал жашоомдо жардам бербейт. Мен окубайм, таарынбаңыз» деп көп жолу айтып жүрүп мектепти бүтүп кетти. Ошол окуучум 15 жылдан кийин келип, «ошондо окуп алсам болмок экен» деп өкүнүчүн айтып кеткен. «Баскан кадамыңдын баары математика болуп жатса, кантип жашоону математикасыз курасың? дечү элеңиз» деген. Айрым окуучуларым «кесибиме керек болуп жатат» деп кайрадан окуп жүрүштү. Азыр баарына окуп алгыла деп айта берем.

Жашоо өз нугу менен кете берет экен. Турмушка чыгып, 6 баланы төрөсөм дагы декретке чыкпастан тынбай иштедим. Анда 3 айылдан окуучулар келип окушчу. Үчүнчү баламды мектепке бара жатып толготтум. Бирок чыдап окуучуларга сабак өтүп бүтүп, мектептен чыгып бирге иштешкендер мотоцикл менен төрөтканага алып барып, аман-эсен көз жаргам (күлүп). Берилип ишибизге жоопкерчилик менен карап эмнектенчүбүз. 1 айдан кийин кайра жумушка чыкчумун. Балдарым мектептин жашоосу менен аралашып төрөлсө дагы эс кимиси жолумду жолдогон жок. Замандын зарылчылыгы менен башка тармактарда иштешет. 2 жылдан бери мектепте иштебей калдым. Мурунку жылы мектепке барбай куса болуп, үйгө кирип-чыга берчүмүн. Быйыл көнүп калдым. Неберелериме мугалиммин (күлүп)», - деди ал.

Токтобү апа 6 баланын энеси.

Буга чейин 11-сентябрда парламентте Билим берүү жана илим министри кызматына ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун талапкерлиги каралып, талапкерге депутат Дастанбек Бекешев (КСДП) суроо узаткан.

Д.Бекешев: - Жөнөкөй суроо — косинус (сos) алтымыш градус барабар канча болот?

К.Исаков: - Мен кыргыз филология боюнча адис…

Д.Бекешев: - Мен жөн эле сураган жокмун. Бизде мектепте ушундай билимди беришет. Таң каласың… Азыр 120 депутат, министрлер ага жооп бербейт. Ушундай билимдин кереги барбы?…

К.Исаков: - Туура. Бизде окуу предметтеринде бир топ артык баш жерлер бар. Мүмкүн болушунча биз балдарга жалпы аң-сезимине, дүйнө таануусуна керектүү билимди беришибиз керек. Бул боюнча корректорлорду жасайбыз деп ойлойм.

Д.Бекешев: - «ВУЗдардагы» (жогорку окуу жайлар) коррупцияны кантип жоёсуз? Кадамдар кандай болот?

К.Исаков: - Биринчи кезекте, коррупцияны демонтаждоо боюнча мамлекеттик программа бар. Этап-этабы менен кайсы жерде «риск» (коркунуч) болуп жаткан болсо, кайсы көрүнүштө же кайсы кырдаалда… Ошолордун баарын болтурбай туруучу механизмдерди жасашыбыз керек деп ойлойм. Механизмдерди иштебей туруп, коррупцияны жоюу мүмкүн эмес. Себеби, алба-бербе деп эле койсо токтоп кала турган нерсе эмес. Баарын аң-сезимдүү түрдө коррупциялык тоскоолдуктардын баарын акырындап, механизмдерди түзүп алуу менен барабыз деп ойлойм…

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×