Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусу, Талас 08.10.2019 17:38

Таласта улгайган мугалимдерге акчалай сыйлыктар тапшырылды

Turmush -  Бүгүн, 8-октябрда Талас мамлекеттик университетинде Карыялар күнү менен катар келген Мугалимдер күнү белгиленип, бир катар ардагер эже-агайлар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Бул тууралуу Талас мамлекеттик университетинин ректору Айбек Упенов билдирди.

«Бүгүн университетибизде Билим берүү кызматкерлеринин күнүн белгилеп жатабыз. Ага удаа эле Карылар күнүн белгилеп, университетибиздин түптөлүү тарыхында опол-тоодой орду бар агай-эжелерибизди чакырып, көңүлдөрүн көтөрүп концерттик номурларды тартуулап, окуу жайыбыздын эсебинен ар бир ардагер эже-агайларга акчалай сыйлык тапшырылды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×