Бөлүмдөр
Шейшемби, 15-октябрь
Талас облусуБакай-Ата району 09.10.2019 13:24

Айыл турмушу: Бакай-аталык жубайлар таттууларды жасап сатып, студент балдарын окутууда (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын 45 жаштагы тургуну Рашит Айтназаров 2 жылдан бери таттууларды чыгаруучу цех иштетип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ишканада 4 адам иштейт.

«Айылда дыйканчылыктан башка туруктуу жумуш болбогондуктан 2 жыл мурун чакан ишкана ачканбыз. Башында келинчегим таттуу токочтун кантип жасалышын Бишкек шаарына барып үйрөнүп келген. Алгач кичинекей мешке жасап сатып жүрдүк. Акырындык менен ишибиз жүрүшүп баштаганда кичинекей мешибизди чоңойттук. Кийин керектүү жабдыктарды 50 миң сомго сатып келдик. Бизге жеңил болсун деп башында 1-2 адам алып иштеттик. Азыркы учурда 4 адам иштейт. Аларга күнүнө 350 сомдон төлөнөт. Күнүнө 150 кг ашуун таттуу жасалат. Аларды дүкөндөргө 1 килограммын 55 сомдон таркатабыз. Бир гана дүкөндөргө эле эмес, айыл элине дагы сатабыз. Алар кандай учур болбосун буйрутма берип же даярын алып кетишет. Азыр бир гана таттуу жасалат. Жакынкы арада таттуулардын башка түрүн да жасап сатсакпы деп пландап жатабыз.

Бул ишкананы жубайым көзөмөлдөйт. Өзүм дыйканчылык менен алектенем. Керек учурда жардам берип турам. Жубайым экөөбүз жылдык чыгаша жана кирешени эсептесек кудайга шүгүр экен. Тапкан кирешебиздин көпчүлүк бөлүгү менен студент балдарыбызды окутабыз. Ай сайын аларга акча жиберип туруу биздин милдетибиз (күлүп). 1 уулум жана 1 кызым студент. Студент багыш үчүн тытынып иштеш керек», - деди ал.

Жубайлар 1 уул, 2 кыздын ата-энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×