Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусуТалас району 14.10.2019 14:12 Жаңыланды: 05.11.2019 13:10

Айыл турмушу: Таластык Амантур балбан ата жолун жолдоп, эр эңиштерде ийгиликтерди жаратууда (сүрөт)

Turmush -  Талас районунун Сасык-Булак айылынын 34 жаштагы тургуну Амантур Мүнур уулу эр эңиштерге түшүп, байгелүү орундарга жетишүүдө. Аймактагы кабарчы балбандан кабар алды.

Анын айтымында, атасы да мелдештерге катышып жүргөн балбан адам болгон.

«Менин атам балбан киши болгон экен. Айылдагы карыялардын айтымына караганда, атам 17 жашында Таластын ылдый жагында чоң тойго барып калса, оодарыш оюну болуп жаткан экен. Ошол учурда 23 жаштан ашып калган, күчкө толгон жигит ортого чыгып, ага атаандаш табылбай калат. Ошондо менин атамды топ элдин ичинен «жараса ушул бала жарайт» деп бир аксакал жетелеп чыгыптыр. Атам аны менен эңишип, минип турган атынан түшүрүп, өзүнүн атына өңөрүп алган дешет. Атам мен 8-классымда кайтыш болуп кетти. Ага чейин кайсы жерде эр эңиш болбосун атына мени учкаштырып алып, жанында алып жүрчү эле. Менин атка болгон кызыгуум кичине кезимден эле башталган. Атамдан таасирленип бул өнөргө баш-отум менен кирип кеттим десем болот.

Биринчи жолу эр эңишке түшкөн күнүм эсимден кетпейт. Айылдагы жолдош балдар чогулуп, Үч-Эмчек деген айылдагы чоң тойго бардык. Ал жерде дагы ат үстүндөгү оюндар болуп жатыптыр. Ошол жерден эле бир байкенин атын сурап алып, туфличен, үстүмдөгү жука көйнөк менен эч даярдыгы жок эле эңишке түшүп, утулуп калгам. 2 жылдан кийин кайра эле ошол айылда той болуп жатканын угуп, даярданып алып бардым. Кудай жалгап баягы мени утуп калган балага туш болдум. Болгон аракетим менен ошол баланы атынан түшүрүп утуп келгем. Азыркы учурда 80 кг салмакта күч сынашып жатам. Таласта өткөн Улуттук көчмөндөр оюндарында 80 кг салмактагылардын ичинен 1-орунду алдым. Алдыда Моңголиядагы мелдешке барууга даярданып жатам. Көчмөндөр оюндарындагы мелдеш үчүн 1 ай машыгуу залына барып, күнүгө узак аралыкка чуркап, жылкынын шорпосун ичип күч топтодум.

Эр эңиште билектин күчтүүлүгүнөн дагы эр жүрөктүүлүк чоң роль ойнойт. Канчалык күчтүү болуп турганың менен жүрөгүң коркуп турса, эл алдында өзүңдү бат эле жоготуп, кантип алдырып койгонуңду билбей каласың. Буга чейин 9-май, 31-августта өткөн майрамдык мелдештерде дагы 1-орунду алып, Казакстанда өткөн Азия мелдешине катышууга мүмкүнчүлүк алгам. Ал жерден 2-орунду ээлеп, күмүш медаль менен кайтып келгем», - деди ал.

Амантур балбан 2 уул, 1 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×