Бөлүмдөр
Шейшемби, 12-ноябрь
Ош облусу, Ош 14.10.2019 17:53 На русском

Ошто жубайларды сүзгөн айдоочу качып баратып, өспүрүмдү коюп кеткен. Окуянын чоо-жайы  

Turmush -  Ош облустук соттук-медициналык экпертиза бюросунун жана өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын түштүк башкармалыгынын кызматкерлерине карата кылмыш иштери козголду. Бул тууралуу Ош шаардык прокуратурасынан билдиришти.

Ушул жылдын 1-январынан тартып бүгүнкү күнгө чейин 4 жазык иши Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

2017-жылдын 9-апрелинде саат 19:00 чамасында Т.Т. мас абалда өзүнүн «Ниссан Вингроад» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ош шаарынын Г.Айтиев көчөсү аркылуу батыштан чыгышты көздөй бара жаткан. Г.Айтиев менен А.Навои көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырактын жашыл белгисин күтүп, жол четинде турган Ош шаарынын Анар кичи шаарчасынын жашоочулары — З.Ж. жана анын аялы А.С.ны сүзүп кеткен. Бирок айдоочу аларга жардам көрсөтпөстөн, изин жашырып качып жөнөгөн. Ал Айтиев менен Өскөналиев көчөлөрүнүн кесилишинен өткөндө аялдамада турган адамды — 2011-жылы туулган М.Н.ны сүзүп, ага да эч кандай жардам көрсөтпөстөн качып кеткен.

Бул факт боюнча Ош ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 4-5-бөлүмдөрүндө (эски ред.) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иш козголуп (2017-жылы 10-апрель), жол кырсыгынын себептерин аныктоо максатында 2017-жылдын 17-апрелинде Юстиция министрлигине караштуу Мамлекеттик соттук-экспертиза борборунда автотехникалык экспертиза дайындалган.

2017-жылы 10-майда чыккан экспертизанын корутундусунда «Ниссан Вингроад» үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу Т.Т. жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузганы көрсөтүлгөн. 15-майда аталган иш боюнча тергөөчү У.Н. тарабынан кошумча автотехникалык экспертиза дайындалып, соттук-автотехникалык экспертиза жүргүзүү үчүн жогоруда айтылган экспертиза борборуна жиберилген. 19-майдагы кошумча соттук-автотехникалык экспертизанын корутундусунда «Ниссан Вингроад» үлгүсүндөгү автоунаасынын айдоочусу Т.Т. жолдо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерин камсыз кылууда жол кыймыл эрежелеринин талаптарын бузгандыгы көрсөтүлгөн.

2017-жылы 9-июнда тергөөнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин 4-5-бөлүмү (эски ред.) менен айыбы угузулуп, кылмыш иш Ош шаардык сотуна кароо үчүн жөнөтүлгөн. Ош шаардык сотунун өкүмү менен менен күнөөлүү деп табылып, 3 жыл айдоочулук укугунан, 8 жыл эркиндигинен ажыратылып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде белгиленген жаза шарттуу деп эсептелди. Ага 2 жыл сынак мөөнөтү белгиленген.

2018-жылы 11-январда Ош облустук сотунун аныктамасы менен Т.Т.нын жактоочусу К.А.нын апелляциялык арызы жарым-жартылай канааттандырылып, жазык иш кайра мазмуну боюнча башка соттук курамда кароо үчүн ошол эле сотко жиберилген. 2018-жылдын 2-августунда Ош шаардык сотунун судьясы комиссиондук соттук-автотехникалык экспертиза дайындоо жөнүндө токтом кабыл алып, аны аткаруу жагы өкмөткө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттиза кызматына тапшырылган.

Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы менен айдоочу Т.Т. жолдо жүрүүнүн коопсуздук эрежелерин камсыз кылууда жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын бузгандыгы көрсөтүлгөн.

2019-жылдын 2-февралында Ош шаардык сотунун судьясы кайрадан комплекстүү экспертиза дайындап, эксперттик курамга төрагалык кылган Ош облустук соттук экспертиза бюросунун эксперти Б.М., Р.А. жана Мамлекеттик соттук-эксперттиза кызматынын Түштүк башкармалыгынын эксперти Т.Ы. кирген. Алар комплекстүү экспертизада айдоочу автоунааны тормоздоо жолу менен токтотуп калганга техникалык мүмкүнчүлүгү болгон эмес деген тыянак чыгарган. Анын негизинде Т.Т. сот тарабынан акталган.

Аталган факт боюнча текшерүүнүн жыйынтыгында Ош облустук соттук-экспертиза бюросунун эксперти Б.М., Р.А. жана Мамлекеттик соттук-экспертиза кызматынын Түштүк башкармалыгынын эксперти Т.Ы. жасаган аракеттерге юридикалык баа берүү максатында Ош шаардык прокуратурасы тарабынан топтолгон материалдар Жазык кодексинин 345-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмыштын белгилери менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×