Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 21.10.2019 17:41

Айыл турмушу: Манастык Э.Маталиев 3 жылдан бери пескоблок, кыштарды сатып ишкерлик кылууда (сүрөт)

Turmush -  Манас районунун Покровка айылынын 26 жаштагы тургуну Эрмек Маталиев 3 жылдан бери пескоблок, кыштарды чыгарат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, сезон учурунда 1 күндө 800-1000 пескоблок чыгарылат.

«Үйдүн улуусу болгондуктан үйдүн жумуштарын көпчүлүк бөлүгүн мен жасайм. Өзүм «КамАЗ» айдап, кум, таш, топурак ташып, элге кызмат кылып келем. Кичинекей кезимден эле айдоочу болууга кызыкчумун. Топурак, кум ташып жүргөндөн кийин атайын пескоблок жана кыш чыгаруучу 5 миң долларлык жабдык сатып алдым. 3 жылдан бери ошол жабдыктын жардамы менен иштеп жатам. Айылдык жигиттер иштеп, айлык акы алышат. Учурда пескоблок чыгаруучу жерде 10 бала иштейт. Айлык акылары 20 миң сомдон 35 миң сомго чейин барат. Кыш чыгарып иштеген балдар да алардан кем эмес маяна алып турушат.

Бул сезондук жумуш экен. Эгер күн жылуу болуп, эрте жаз келсе март айынан баштап куюп баштайбыз. Жайы менен иштеп, катуу суук түшкөнгө чейин иштейбиз. Күн суукта ишти токтотобуз. Анткени куюлган цемент кармабайт, алуучулар жокко эсе. Сезон учурунда 1 күндө 800-1000 пескоблок чыгарылат. Алардын ар бирин 21 сомдон сатам. Кыштар 10 сомго арзан бааланат.

Кардарлар көп, өзүбүздүн районубуздан көп буйрутма түшчү. Жакындан тарта Кара-Буура районунун тургундары да буйрутма бере баштады. Мен «КамАЗ» айдап бошобойм. Бирок маал-маалы менен келип, байкап кетем. Бош убакта өзүм да кошо иштешем», - деди ал.

Ишкер-айдоочу жигит 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×