Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 21.10.2019 21:10

Айыл турмушу: Ж. Кожоматов жаштыгын балдарга музыка окутууга арнаган мугалим (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын 58 жаштагы тургуну Жакыпбек Кожоматов бир топ жылдардан бери чыгармачылык менен алектенип келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, музыкага окуучу кезинен эле кызыгат.

«1980-жылы Калинин орто мектебин аяктап, Фрунзе шаарындагы кесиптик окуу жайлардын биринде электрик кесибине ээ болгом. Бирок өзүм 7-классымдан баштап музыкага кызыгып, айылдын клубунда эле жүрчүмүн. Үйдөгүлөр издешсе клубга барып табышчу эле. Ошол мектептеги кезимден баштап эле ар бир агайды ээрчип, комуз, аккордеон черткенди үйрөнгөм. Үйдөгүлөр уулубуз музыкант болсо, келечеги жок калат дешип электрик кылып окутушканы менен өзүмдүн кесибим менен такыр иштегим келбей туруп алды. Келечегимди бир гана музыка багытында көрүп тура бердим. Акыры үйдөгүлөр макулдук берип, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын кыл кыяк бөлүмүндө окугам.

1989-жылдан баштап айылдагы мектепте музыка сабагынан мугалим болуп иштеп баштадым. Бакай-Ата райондук музыкалык мектебинде 15 жыл сабак бердим. Бүгүнкү күндө Э.Капалов орто мектебинде музыка мугалими болуп иштеп келем. Коңшу айылда да музыка мугалими жок болгондуктан, С.Көчөрбаев орто мектебинде да 11 жылдан бери иштеп келе жатам.

Өзүм өтө тынч адаммын. Көңүлүм чөгүп турса да, бир нерсеге кайгырып жатсам да музыка ойноп, күү угуп, ошол нерсе менен айыккандай болом. Мектеп окуучуларын кыргыздын аспаптарына тартуу үчүн сабактан тышкары мектепте бекер ийримдерди өтөм. Максатым – окуучулардын талантын ачуу, аспапка кызыктыруу. Музыка менен өскөн баланын жан дүйнөсү башкача болот. Башында келип, үйрөнүп, бирок таштап койгон окуучуларым көп. Аягына чейин үйрөнүп, комузду өздөштүрүп, билимин жогорулатып кеткен 10дон ашык окуучум бар.

Үйдө жубайым да колдойт. «Убактыңды коротуп жатасың, мал-жай калды» дебей, баарын өзү жетишип жайгарып коет», - деди ал.

Музыкант мугалим 2 кыз, 2 уул, 1 неберенин атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×