Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусуМанас району 29.10.2019 23:10

Манас районунун Покровка айылында 85 миң долларга курулган борбордук мечит ачылды

Turmush -  Кечээ, 28-октябрда Манас районунун Покровка айылында борбордук мечит ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Райондун имамы Миржалал Дадабаевдин айтымында, 85 миң долларга бааланган мечиттин курулушу мындан 6 ай мурун башталган. Анын курулушуна Катардын жараны демөөрчүлүк кылса, курулуш ишине айыл тургундары жардам беришкен. Пайдаланууга берилген мечит район боюнча 25-мечит болуп каттоого алынат. Бүгүнкү күндө райондо мечиттердин 30%ы эски.

Мечиттин ачылышынын соңунда келген элге сый тамак берилди.

Бүгүнкү күндө облус боюнча 143 мечит бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×