Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусуКара-Буура району 31.10.2019 15:20

Таластагы чек арадан өлкөдөн мыйзамсыз түрдө чыгып кетүүгө аракет кылган жаран кармалды

Turmush -  Бүгүн, 31-октябрда Кара-Буура районундагы «Чоң-Капка» чек ара тозотунда чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган кыргызстандык адам кармалды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, чек арачылар Казакстанга чыгып бара жаткан жүк ташуучу унааны текшеришкен. Анын ичинен Кыргызстандын 1986-жылы туулган жараны табылган. Ал чек арадан паспорттук текшерүүдөн өтпөй чыгып кетүүгө аракет кылган. Андан аркы текшерүүдө ага өлкө аймагынан чыгууга тыюу салынгандыгы такталды. Кармалган адам УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×