Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусуБакай-Ата району 03.11.2019 21:40

Эл ичи — өнөр кенчи: Тракторчу Б.Абдулдаев айылдагы жаштарга шахмат ойногонду үйрөтүп келет (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылындагы 48 жаштагы тракторчу Бактыбек Абдулдаев элеттеги балдарга шахмат ойногонду үйрөтүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1987-жылдан бери шахмат ойноп келет. Аны айылда аксакалдар көп ойношкондуктан аларды карап жүрүп үйрөнүп алган.

«Кесибим трактор айдоочусу. 1996-жылдан баштап трактор айдап келе жатам. Аны менен бирге шахматты дагы берилип ойноп келем. Шахмат боюнча мелдештер болсо каякта жүрсөм дагы баарын токтотуп келип калам. Кызыгуум абдан чоң. Ийгиликтерим көп, мелдештерде 1-2-орундарды алып жүрөм. «Шахматта 1000 адамдын башы бар» деген сөз айтылып жүрөт. Анын сыңарындай оюн учурунда амалкөйлүк кылып, алдап утуп кетейин дегендер дагы болот. Бирок каршылашты «жүрүш жаса» деп шаштырбастан, аны күтүп, математикалык билимин текшерүүгө болот. Жакшы оюн болгондо баарын унутуп калам (күлүп).

Алгачкы ийгилигим айыл ичинде болгон. Башында орто деңгээлде ойночумун. Агайым менин намысыма тийип коюп жакшы ойноп калгам. Ал агай физика сабагынан берген мугалим киши болчу. Аны менен башында 7 жолу ойноп, баарында тең утулуп калгам. Ошентип агай мени менен ойнобой койду. Бирок башкалар менен ойноп жүрдү. Мени шылдыңдап койгондой сезилип, ачуум келди. Үйгө барып, шахматты тизип алып, шахмат жөнүндөгү китептерди окуп, тереңдетип үйрөндүм. 1,5 ай дегенде үйрөнгөнүмө ишенип, агайдын үйүнө бардым. 1 партия ойноп жеңип алгандан кийин «агай, менин башым ооруп калды» деп, намысына тийип кетип калдым. Ал таң калган бойдон калды. Эртеси шахматты көтөрүп алып агай менин үйүмө келип калыптыр. Дагы 1 партия ойноп, анда дагы жеңип алдым да «эми мал жайгарам» деп кетип калдым. Агай ызырынып, алсыз оюнчудан жеңилип жатам деп намыстанган (күлүп).

Негизи күчтүүлөр менен ойногондо бат үйрөнөсүң. Азыр дагы агай «ошондо мени утуп алганда намыстангам» деп күлүп айтып калат. Бирок менден үйрөнөм деп келгендерге намысына тийбестен үйрөтөм. Өзгөчө айыл жаштарына үйрөтөм. Себеби шахматты ойноо менен ойлонуусу ойгонот. 5-класста окуган балам дагы ойнойт. Жаштар көптү билип турса жакшы эмеспи», - деди ал.

Тракточу-шахматчы 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×