Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусу, Талас 04.11.2019 14:44

Жаш талант: Бир топ жыл бийден сабак алган Элнура таланты менен акча таба баштады (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 16 жаштагы тургуну Элнура Масалбекова 6 жашынан бий менен алектенип келет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, учурда Таластагы №2 орто мектепте 11-класста билим алууда.

«Апам бийге шыгым бар экенин байкап, 6 жашымда Таластагы А.Огомбаев музыкалык мектебине алып барган. Музыкалык мектепти кызыл диплом менен аяктагам. Ийримге 7 жыл катыштым. Бий мектепке жаңы барып жүргөндө Гүлзат Сагынбековна, Лариса Жапаровна деген эжелер кезектешип сабак берчү. Бийге катышып жүргөндөгү эсте калган учурлар көп болгон. Бир окуя эсимде. 3-классыбызда бир бийибизде жарымыбыз кыз, жарымыбыз эркек бала болуп бийлечүбүз. Бою узун кыздарды бала кылып калпак кийгизип койчубуз. Салтанаттардын биринде «Манас Ордого» барып бийлегенбиз. Ага саясатчы Өмүрбек Бабанов дагы келген экен. Ал бийди көрүп, «булар кызбы же балабы?» деп таң калган эле (күлүп).

Өзүм бий мектепти аяктап, көп бийлебей калгам. Бирок азыр 11-класстан баштап тойлордо бийлеп баштадым. Азыр «Адем» бий тобунда бийлейм. Топто 4 кыз бийлейбиз. Бир тойго 2-3 бий даярдап барабыз. 1 бийибизге 1000 сом төлөп беришет. Аны 4 кызыбыз 250 сомдон бөлүп алабыз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле сүрөт тартып, открыткаларды дагы даярдай тургандыгын айтты.

«Сүрөтчүлүк менен кошо алектенип жатам. Келечекте дизайнер кесиби боюнча билим алайын деп жатам. Жаш кезимде модель болгум келет. Тааныштар кооз жазуулары менен открыткаларды жасаттырышат. Көбүнчө майрамдарда жасайм. Баалары көлөмүнө жараша 50 сомдон өйдө болот», - деди ал.

Бийчи кыз үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×