Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусу, Талас 04.11.2019 16:56

Таласта жергиликтүү жана чет өлкөдөн келген көмүрлөр сатылып жатат

Turmush -  Быйыл Таласта көмүр былтыркыга салыштырмалуу арзан сатылып жатат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин Талас облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Нуржан Аманкулов билдирди.

«Атаандаштык чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерди, социалдык маанидеги продукцияларга мониторинг жүргүзөбүз. Биз берген маалыматтар юридикалык көз караш менен расмий маалымат болуп эсептелбейт. Ар жуманын шейшемби күнү экспресс сурамжылоо жүргүзүп, бааларын каттайбыз.

Бизде көмүр импорттолгон жана жергиликтүү көмүр болуп бөлүнөт. Көмүрдүн көпчүлүк бөлүгү Казакстандан алынып келет. Быйыл жергиликтүү Кара-Кече, Миң-Куштун көмүрлөрүнүн 1 тоннасы 4500-4800 сомдон сатылууда. Ал эми импорттук Кара-Жыра менен Шабыркул көмүрлөрүнүн 1 тоннасы 5000-5500 сомдон сатылууда. Былтыр ноябрь айында импорттук көмүрлөр 6500 сомго чейин сатылган. Бүгүнкү күндө көмүрдүн баасы былтыркы жылга караганда 500-1000 сомго арзан», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×