Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Ош облусу, Ош 05.11.2019 15:21 На русском

«Ош шаардык суу канал» ишканасы кызматкерлерине арзан баада көмүр таратты

Turmush -  «Ош шаардык суу канал» муниципалдык ишканасы 180 кызматкерине арзан баада көмүр таратты. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

«Ош шаардык суу канал» ишканасы жыл сайын жумушчуларын базар баасынан тѳмѳн баадагы кѳмүр менен камсыздайт. Быйыл да ишкана 1 кг көмүрдү 4 сомдон таратты», - деп айтылат маалыматта.

Ал эми ишкананын жетекчиси Дөөлөт Кокочоров демилгенин максаты кызматкерлерди ар тараптан колдоо экенин айтты.

«Жумушчуларбыздын айлык маянасын эске алып, алыстан болсо да көмүрдү өзүбүз алып келип, арзан баада таратабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×