Бөлүмдөр
Жекшемби, 17-ноябрь
Талас облусу, Талас 05.11.2019 17:42

Айыл турмушу: Таластык студент А.Муратбекова өзү акча таап, ата-энесине да жардам берип жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 20 жаштагы тургуну Адина Муратбекова 4 жылдан бери чач жасалгалап эмгектенет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Анын айтымында, Талас районуна караштуу Кууганды айылында төрөлгөн. Учурда Таластагы медициналык окуу жайда фельдшер адистигинде 4-курста окуп жатат.

«Мен кичине кезимде чач жасоого абдан кызыкчумун. Апам менин шыгымды байкап, 9-классымда каникулда 2 айлык чачтарач курсунда окуткан. 11-классты бүткөндө медициналык колледжде билим алып баштап, окуудан кийин чач жасалгалап иштеп баштадым. Башында кыйынчылыктар көп эле болгон. Кардарларды чогултуу кыйынчылыктарды жаратат. Андан кийин акырындап кардарларга менин чач жасалгаларым жага баштады окшойт (күлүп). Бири-биринен угуп, акырындык менен эл көбөйө баштады. Көбүнчө чач жасалгаларын өзүмдүн фантазиям менен жасайм. Кээде кардарлардын өздөрүнүн табиттерине карата жасап берем. Жаңы иштеп жүргөндө кардарлар бет түзүлүшүнө карап жасап берүүмдү суранышчу. Азыркы учурда интернеттен жаккан үлгүлөрдүн сүрөтүн көрсөтүп, ошондой кылып жасатышат.

Мен башында апамдын, туугандарымдын чачын жасап, практика кылчумун. Анткени жаңы иштеп жүргөндө толкундоолор көп болот. Чач жасалгаларым такыр окшошпой калчу. Бара-бара акырындык менен ишти өзүмдүн оюмдагыдай кылып алып кеттим. Өзүм бул убакытка чейин чач жасалгаларды бир кызга үйрөттүм. Анткени окуума байланыштуу ишке жетишпей калат экенмин. Салондо иштегендиктен сезон убагында күнүнө 7-8 кардар келип турат. Чач жасалгаларым 150-1000 сомго чейин бааланат. Өзүм медициналык колледжде бюджеттик негизде билим алгандыктан окуума, жүргөн-турганыма акчаны өзүм табам. Үйдөгүлөргө дагы акча салып турам. Келечекте чач жасалгалоо боюнча өзүмдүн жеке салонумду ачып, чакан клиникамды ачкым келет», - деди ал.

Адина үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×