Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Баракелде, Дүйнө 12.11.2019 10:35

«Мекендештер»: Заида Якутияда өткөн маданий сынакта 3-орунду алды

Turmush -  Сокулуктук Заида Якутияда өткөн «Этно краса-2019» сынагында 3-орунду алды.

«Сынакка Якутск шаарында жашаган 15 улуттун кыздары катышты. Кыргыздардын атынан мен катыштым. Сынактын максаты — Якутск шаарында жашаган улуттардын ортосундагы достукту, ынтымакты бекемдөө. Сынак 1-ноябрда А.Е.Кулаковский атындагы достук үйүндө өттү. Сынак 4 этаптан турду. 1-этапта жаштар стилинде кийинип чыгуу, 2-этапта ар бир кыз элинин салтын же болбосо улуттук майрамын жана ошондой эле талантын көргөзүү болду. 3-этапта улуттук костюм менен чыгып, 4-этапта улуттук тамак-ашты көрсөттүк. Негизи бардык этапка аябай жакшы деңгээлде даярдандым. Ал эми калыстар кыргыз бийин баалашты. Жыйынтыгында 1-орунду эвенкиялык кыз алса, 2-орунду орус кызы жана 3-орудун биз алдык», - деди ал.

Заида Анварбекова 1997-жылы Сокулук районуна караштуу Кызыл-Туу айылында төрөлгөн.

«Апам Кызыл-Туу айылында мектепте мугалим болуп иштейт. Өзүм 6 бир тууганмын. Эң улуу байкем Россия Федерациясынын Якутск шаарында көп жылдан бери эмгектенет. Мен Якутск шаарына келип, окуп калганымдын себеби ушул байкем болгон. Азыркы учурда Якут мамлекеттик айыл чарба академиясынын коомдук тамактануу, азык-түлүк технологиясы факультетинде 4-курста окуйм.

Якутск шаарынын артыкчылыгын айтсам, бул жерде бардык окуу жайлар жогорку деңгээлде салынганын байкадым. Билим берүү тармагына жакшы көӊүл бурулат экен. Ал эми кемчилиги, кыш эрте келет. Якутиянын элдери аябай жакшы, бизге окшоп жөнөкөй. Буга чейин ушул сыяктуу сынактарга катышып жүргөндүктөн бул сынак мен үчүн оӊой эле болду», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×