Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуМанас району 12.11.2019 16:26

Манас районунда прокурорлор үчүн салынып жаткан үйдүн курулушу аяктады

Turmush -  Манас районуна караштуу Покровка айылындагы прокуратура кызматкерлери үчүн салынып жаткан 2 батирлүү үйдүн (жалпы 5 бөлмө) курулушу аяктады. Бул тууралуу Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, объекттин курулушу 2018-жылы июль айында Талас облустук прокуратурасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде башталган. Анын сметалык наркы 3699,470 миң сом. Жалпы чыгымдардын наркы 3376,760 миң сомду түзөт. Үйдүн жалпы аянты 142,37 чарчы метрди түзөт. Ар бир батирде негизги бөлмөлөрдөн тышкары жуунучу жай, ажаткана, меш турган бөлмөлөр бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×