Бөлүмдөр
Жекшемби, 19-январь
Талас облусу, Талас 13.11.2019 15:33 Жаңыланды: 07.01.2020 16:33

Айыл турмушу: Таластык Тахмина айым торт жасаган цех ачып, ишкерликти колго алды (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 38 жаштагы тургуну Тахмина Айтбекова 4 жылдан бери тортторду жасап, жеке ишкерлик менен алектенип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, кичинекей кезинен эле таттууларды жасаганга кызыгат.

«Үйдөн ар кандай таттууларды жасай берчү элем. Кийин 2000-жылы турмушка чыктым. Өзүм жогорку окуу жайды аяктагам. Бирок турмушка чыккандан кийин жолдошум иштебейсиң деп шарт койгон. Ошону менен көп жыл үйдө отуруп калдым. Бирок шартка байланыштуу оокат кылыш керек болду. Колумдан таттууларды жасаган эле келерин билип, үйдөн таттууларды жасап, үйдүн жанындагы дүкөндөргө өткөрүп жүрдүм. Атайын Бишкек шаарына барып, таттууларды чыгаруучу цехтерде иштеп келдим. Ал жерден өзүмө керектүү көп нерселерди үйрөнүп алдым. Тажрыйбалуу болуп калган кийин өзүмдүн жеке ишканам болсо деп тилек кылар элем. Талыкпаган аракетимдин аркасы менен көп өтпөй атайын торт чыгаруучу ишкана ачтым. Ишкана ачуу оңойго турган жок. Акырындык менен баарын өздөштүрүп алдым. Бул менин бала күнүмдөгү кыялым эле. Азыркы учурда ишканамда 4 адам иштейт. Бир күндө 50 даана торт жасаганга үлгүрөбүз. Күнүнө 2-3 кап ун кетет. Бир жылдык чыгашасын эсептегенде көп эле каражат кетет. Кирешебиз кудайга шүгүр, чыгымды актайт.

Азыр эмне көп? Торт жасаган айымдар көп. Мен эч кимге атаандашпайм. Кардарлар кимдин тортун кааласа, ошого келип буйрутма беришет. Ишкана ачып торт чыгарып баштагандан бери кардарлардан ыраазычылык көп угуп келем. Көп жылдык кардарларым бар. Алар алыста болуп, майрамдарда, кечелерде үйүнө сюрприз кылыш керек болсо биз үйлөрүнө да жеткирип беребиз.

Жумуш күнүбүз кызыктуу өтөт. Негизи өзүм торттун үстүн кооздогонду жактырам. Аны берилүү менен кылам. Көпчүлүк кардарлар сүрөт түшүрүп жасап берүүнү суранышат. Кыз балага куурчак же мультфильмдеги каармандарды чагылдырам. Балага болсо унаа же атайын оюнчуктар менен кооздойм. Кооздоп жатып өзүмдүн балалыгым эске түшөт. Торттор 250 сомдон 5000 сомго чейин бааланат», - деди ал.

Ишкер айым 1 уул, 1 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×