Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 18.11.2019 09:16

Айыл турмушу: Кара-бууралык Темир уста улакчыларга орус ээрлерди жасап сатууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Үч-Булак айылынын 39 жаштагы тургуну Темир Бешкемпиров улакчылар үчүн орус ээрлерди жасап жатат. Аймактык кабарчы устадан кабар алды.

Анын айтымында, устачылыкты Байыш таякесинен үйрөнгөн.

«2010-жылдан баштап устачылык менен алектенип келе жатам. Негизи чоң аталарым уста болгон экен. Бирок мен устачылык өнөрдү таякем Байыштан үйрөнгөм. Ал таякем кыргыз ээрлерди жасаган жыгач уста. Мен мындан 9 жыл мурун жанында жүрүп, ээр жасаганды үйрөнгөм. Бирок мен жыгач ээр эмес, орус ээрлерди жасаганды үйрөнгөм. Айырмачылыгы — орус ээрдин салмагы бир топ жеңил болот.

Эгер жакшылап отурсам 2 күндө бир ээр жасап коём. Ээрлерди 5000 сомдон сатам. Көбүнчө улакчы жигиттер сатып алышат. Учурда 50 ээр жасоого буйрутма алгам. Башка облустардын жана казак туугандардын улакчылары буйрутма берип калышат. Бирок өзүбүздүн жигиттердин буйрутмаларын жасоодон бошобой жатам. Ээрге керектүү буюмдарды атайын базарлардан сатып алам. 10 миң сомго материал сатып алып коём. Ал бир топ ээрге жетет.

Бир гана ээр жасабастан башка жумуштарды да жасайм. Көзүм жеткен нерсени жасай алам. Мектептин жараксыз болгон буюмдары менин мойнумда. Өзүм оңдоп-түздөп, алып барып берем. Айыл тургундарына керектүү буюмдарды жасап кызмат кылып келе жатам. Бирок көпчүлүк убактым ээр жасоо менен өтөт. Жумуш жайы-кышы уланат. Өзгөчө жазгы убакта буйрутмалар көп болот. Анткени жазда көк бөрү көп болот. Ээрлерди мал базарларга да алып чыгып сатам», - деди ал.

Темир мырза 5 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×