Бөлүмдөр
Шейшемби, 28-январь
Талас облусуКара-Буура району 14.01.2020 21:20

Айыл турмушу: Кара-бууралык Аида айым 10 келин менен команда түзүп, тигүү цехин иштетип жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Суулуу-Маймак айылынын 45 жаштагы тургуну Аида Доблеталиева 10 келинди жумуш менен камсыздап, тигүү цехин иштетип жатат. Аймактык кабарчы чебер айым менен таанышты.

Анын айтымында, Кара-Бууранын Аманбаев айылынын кызы.

«17 жашымдан бери тигүүчү машине менен достошуп келем. Биздин убакта мектепте кол эмгек сабагынан көптү үйрөтчү. Мен тигүүчүлүктү кол эмгек сабагынан үйрөнгөм. Апамдын машинеси менен далай кийимдерди тиктим. Апам шырдактарды жасачу. Мен кийиз иштерине аралашкан жокмун. Чүпүрөктөн кийим тиккенди жактырам. Турмушка чыккандан бери өз алдымча кийимдерди тигип жүрдүм.

Акыркы 2 жылдан бери 10 келин менен бир команда түзүп алып иштеп жатам. Суук түшүп калса дагы биздин иш токтобой жүрүп турат. Себеби буйрутмалардын арты үзүлбөйт. Ким эмне буйрутма берсе, ошонун баарын аткарып беребиз. Чыптама, парда тиктирүүгө дагы көп келишет. Чыптаманы 500 сомго сатып алышат. Үйдө бош эле отура бергенден көрө деп бардык сезондо талыкпай эмгектенебиз. Бирок эмгегибиздин акыбети жанып, ошого жараша маяналуу болобуз. Жакшы иштегендер жакшы акы алышат. Колунун жөндөмү бар, бирок көп тикпегендер дагы келип үйрөнүп жатышат. Орточо эсеп менен ар 10 күн сайын 5000 сомдон алышат», - деди ал.

Чебер айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×