Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуМанас району 20.11.2019 10:12

Таласта мыйзамсыз түрдө 6 тонна бензин ташып келе жаткан адам кармалды

Turmush -  18-ноябрда Талас облусунда мыйзамсыз түрдө 6 тонна бензин ташып келе жаткан унаа аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, түзүмдүн кызматкерлери Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз ташылып жаткан мунайзаттарды аныктоо иштерин жүргүзүп жатат. Анын алкагында «Кызыл-Адыр» чек ара бекетинен О.А. аттуу адам айдап келе жаткан «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Аны текшерүү учурунда ичинде ири көлөмдөгү бактар табылды. Аларда жалпы 6 тонна бензин болгон. Бирок жүккө тиешелүү документтер жок болуп чыкты. Аталган факт каттоого алынып, унаа айып аянтына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×