Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусу, Талас 20.11.2019 12:19

Эл ичи — өнөр кенчи: А.Үрүстөмова ырчылык таланты менен элге кызмат кылууда (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 22 жаштагы тургуну Айчүрөк Үрүстөмова өзүнүн хоббисин кесипке айлантып, тойлордо ырдап жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Талас районунун Жоон-Арык айылында төрөлгөн.

«Мектепте окуп жүргөндө эле ырчылыкка кызыкчумун. Көптөгөн сынактарга катышып, ийгилик жараткан учурларым болду. 2016-жылдан бери бул чөйрөгө аралашып келе жатам. Аз да болсо эл ичинде таанылып, ушул жылы өзүнүн жакшылыктарына чакыргандардын саны арбыды. Алгач ата-энем менин ырчы болуп чыгышыма каршы болушкан. Азыркы учурда тескерисинче алардан көбүрөөк колдоо алып келем. Менин жаратып жаткан ийгиликтеримди сыймыктануу менен кабыл алышат. Ырчылык биздин үй-бүлөдө жок. Бирок чоң атам ыр жазып, обон жараткан киши болгон экен. Буйруса чоң атама таандык обондордун үстүндө иштесемби деп жатам.

Той учурунда кызыктуу учурлар көп кездешет. Бир жолу тойдо эл алдына чыгып, той ээлерин куттуктап, ырдын аталышын айтып коюп музыкамды күтүп туруп калдым. Музыкант акеге карасам мени түшүнбөгөндөй карап койду. Элдин ичинен кайра чыгып кетүүдөн уялып, ошол эле ырды музыкасы жок жандуу ырдап, бул жагдайдан чыккам. Азыр тойго барганда өзүм эл алдына чыкканга чейин музыканттарга улам-улам ырымды айтып эстете берем. Өзгөчө «Жар-жар» айтарда өзүмчө толкунданып, чоң жоопкерчиликти сезем. Ырчылыкка аттангандан бери ырчы Асел Кадырбекованы кумир тутуп келгем. Өзүмдүн кийинүү стилимди дагы Кадырбековага окшоштурам. Ырдоодон башка клиптерге тартылып келе жатам», - деди ал.

Ырчы бийкеч үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×