Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуМанас району 26.11.2019 16:21

Айыл турмушу: Бактыгүл айым жаңы келин болгондо «чоочун» үйгө кире албай, эшикте убакыт өткөрчү (сүрөт)

Turmush -  Манас районундагы Талас айылынын 28 жаштагы тургуну Бактыгүл Сатыбекова турмуш жолуна аттанып жатканда күрд жигитке турмушка чыгамбы деп корккон. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, Кара-Буура районунун Кара-Буура айылынын кызы. Жолдошу Дархан Сатыбеков экөө 2012-жылы баш кошкон.

«Кесибим боюнча мугалиммин. Бирок жумуш орду жок, айлык аз болгондуктан кесибимди таштоого туура келген. Учуру келгенде өзүмдүн кесибим менен иштейм деген тилегим бар. Учурда айыл өкмөттүн социалдык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп эмгектенип жатам.

Кыргыз мамлекеттик университетинин биология жана химия бөлүмүндө билим алгам. 3-курста окуп жүргөн убагымда классташ кызым аркылуу жолдошум менен таанышкам. Бирок ортодо байланыш жок болчу. Бир-эки жолу жолугуп сүйлөшкөнүбүз эле болбосо кыз-жигит болуп деле сүйлөшкөн жокпуз (күлүп). Жайкы каникулда таенемдерге жардам берейин деп айылга келгем. Таякем операция болуп, оор жумушка жарабагандыктан апам картошка, жүгөрүгө жардам берип кой деп жиберген эле. 1 базар жүрүп, эртең үйгө кетем деп даярданып жаткан күнү турмушка чыктым. Ошол күнү кечке жуук жеңем «бир жерге барып келели» дегенинен макул болуп койгом. Оюмда эч нерсе жок кошулуп бардым. Унаага түшкөндөн кийин жеңем, «үшүп калба, жылуу отуруп тур, мен азыр бир жерге барып келе калайын» деп кеткен боюнча келбей койду. Мен болсо коркуп, унаа жүргөнгө даярданып калды. Унаанын ичинде орус, күрд улутундагы балдар болчу. Унаа жеңемди күтпөй эле жүрүп кетти. Мен ошондо гана күйөөгө кетип жатканымды түшүндүм. Бирок мен таанышкан балага эмес, күрд жигитке турмушка чыгамбы деп коркуп кеттим. Көрсө баягы мен таанышып, жолугуп жүргөн бала экен. Азыр эстесем күлкүм келет. Өзүмө эле келип, колумду сураса макул болмокмун да (күлүп).

Жаңы келин болуп келгенде күндүз үйдө эч ким жок, жалгыз мен калчумун. Бирок үйдөгүлөр кайсы жактагы жумуштарга кетерин деле сурачу эмесмин. Жалгыз калгандыктан чоочун бирөөнүн үйүнө кирбей эле турайын деп сыртта отура берчүмүн. Качан үйдөгүлөр келгенде анан кирчүмүн. Көрсө апамдар дүкөн иштеткендиктен ошол жакка кетчү экен. Жолдошум экөөбүз жаздык менен урушуп ойноп калчубуз. Кышында болсо аяз ата жасап ойнор элек. Азыр эстесем, жаш экенбиз (күлүп).

Турмуш болгондон кийин идиш-аяк кагышат. Бирок үй-бүлөнү сактап келебиз. Кайын энем жылуу сөзү менен мага кеңешин көп айтчу. «Биз аялбыз, баарына чыдашыбыз керек. Ошол үчүн аялзаты сабырдуу калк болот» деп мени турмушка үйрөттү. Балдарың болгондон кийин жакшы тарбия берели, келечегине шарт түзөлү деп калат экенсиң. Кайын журтум окутуп, диплом алып беришти. Кайын эжелерим «кайда болсоң да иштей турган ишиң бар, билимдүү келин» деп калышат», - деди ал.

Бактыгүл айым 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×