Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 26.11.2019 17:45

Айыл турмушу: Ырыскүл апа 32 жашында жесир калып, балдарын жалгыз чоңойткон (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Суулуу-Маймак айылынын 78 жаштагы тургуну Жолдошова Ырыскүл апа 32 жашында жесир калып, балдарын жалгыз чоңойткон. Аймактык кабарчы ападан кабар алды.

Ырыскүл апа: Кара-Бууранын Сатыкей айылында төрөлгөм. Мектептин башталгыч классын айылдан окуп, 8-класска чейин коңшу Суулуу-Маймак айылына барып окуп бүттүм. Ал кезде барак табылса жазабыз, болбосо жок. Кыйын эле заман болду. Бир жакка барарда бирөөнүн кийимин, бут кийимине чейин сурап алып, кийип барчубуз. 2 бир тууганыбыз, менден улуу эжем бар. Ал дагы картайып, чоң апа болуп калды. Атабыз согушка кете электе жакшы жашачу экенбиз.

Кызы Шайыркүл айым: Апам төрөлүп, 3 ай болгондо таятам согушка кеткен экен. Ошону менен кайтып келбептир.

Ырыскүл апа: Апам балта-чоту жанында жүргөн камдуу киши болчу. Атам дүкөн иштетчү экен. Согушка чакырып калганда атам дүкөнүн өткөрүп берип, үйдөн ороо каздырып, анын ичин буудайга толтуруп, баарын даярдап, акылын айтып кеткен экен. Мен аны көргөн жокмун. Апам болсо орок оруп, тажадым же чарчадым деп айтчу эмес. Бир тууган эжем чоңураак болгондуктан машак терип, буудайды жанчып нан жасачу.

Ошентип орто мектепти бүтүп, өзүмдүн апамдын алысыраак инисине турмушка чыктым. Ал убакта тартип катуу болчу. Улуулардын айтканын укчубуз. Ошондо апам мени өзүнүн төркүн жагына турмушка берген. Абышкам колхоздун тракторлорун айдап иштеди. Мен ошол тракторлор турган гаражды кайтарып эмгектендим. Ал биздин үйдүн жанында болчу. Абышкам Кемел 42 жашында кайтыш болуп кетти. Улуу балам 14 жашта, кичинекейим 1,5 жаш, өзүм болсо болсо 32 жашта гана болчумун. Кудай бергенин кайра сурап же айттырып албайт экен. 5 балам менен жалгыз калдым. Бардыгын чоңойттум, окуттум. Бирок бир балам 12 жаш курагында кайтыш болуп кетти. Эми 2 уул, 2 кызымдын балдарын көрүп кубанам. Абышкам кайтыш болуп кеткенде дагы балдарды багыш үчүн колхоздун тракторлор турган гаражын карап, кароолчу болуп жүрө бердим. 70 сом айлык алчумун, ошол жетчү. Акчанын күчү чоң болчу.

Кызы Шайыркүл айым: Биз мектептин босогосун аттап, жаш болсок дагы тамекиде иштеп, апама жардамдашып калдык.

Ырыскүл апа: Балдарым жаш кезинде ыйлашса аларга кошулуп мен дагы ыйлап калчумун. Балдарым кичинесинде жакшы эле кыйналдым. Ошентип жүрүп баарына бышып, бел байлап калдым. Баягы гаражды түндөп-күндөп карайбыз. Түнкүсүн улуу баламды ээрчитип алчумун.

Бир күнү 4 тонна солярканы бирөө төгүп кетиптир. Көрүп алып ыйлап жаттым. 70 сом айлык алсам, эми андан дагы айрылат турбаймынбы деп капаландым. Эртеси бригадир көрдү. Ал ким экенин билген экен, түшүнүктүү киши болчу. Убакыт өтүп, «айлык келди» дешти. Солярканы төктүртүп жиберсем, кайсы бетим менен айлык алам деп барбайм койгом. Барбай койсом ар кимден чакыртып туруп алышты. Барсам кассир айлыгымды берди. Эртеси тракторчулардан сурасам, бригадир 20 тракторчуга чыгымды 1 сомдон чачып, пландын ордун толуктап койгон экен. Ошол киши азыр дагы бар, жакшы жашоодо. Убагында көптөргө ырайым кылган. Кудайым жакшылыгын берип жатат. Жакшы мамиле кылгандын акыбети кайтат дегенди айткым келет. Пенде адал оокат таап, мээнет кылса эч нерседен кем болбойт.

Ырыскүл апа 5 баланын энеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×