Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусу, Талас 27.11.2019 11:08

Талас шаарында «Ауди», «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү унаалар өрттөндү

Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Turmush -  Талас шаарында «Ауди С-4» үлгүсүндөгү унаа өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык шаардын Совет көчөсүндөгү унаа оңдоочу жайда болгон. Анын кесепетинен унаанын салону күйгөн. Өрт электр зымдарынын чыңалуусунан улам чыккан.

Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылында «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү самосвалдын салону, кыймылдаткыч бөлүгү күйдү. Бул кырсык дагы электр зымдарынын чыңалуусунан улам чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×