Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 27.11.2019 14:22

Кара-Буурада өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Кечээ, 26-ноябрда Кара-Буура районунун Кара-Буура айылында өспүрүмдөр арасында дзюдо боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдагы машыктыруучу Данияр Дүйшөнаалы уулу билдирди.

«Мелдешке жалпы 22 кг салмактан 66 кг салмакка чейин 100гө чукул жаш балбандар катышты. Мелдештин максаты — дзюдону өспүрүмдөр арасында кеңири жайылтуу, рэкетчилик, бузукулуктан алыстатуу, сергек жашоого үндөө. Жеңишке жеткен балбандар медаль жана грамоталар менен сыйланышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×