Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 27.11.2019 20:40

Айыл турмушу: Бакай-Атадагы С.Кененсариеванын сөздөрүн бөбөктөр мыйзам катары аткарышат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын 30 жаштагы тургуну Салтанат Кенесариева 2 жылдан бери бала бакчада тарбиячы болуп эмгектенип келе жатат. Аймактык кабарчы тарбиячы айым менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, жаш жеткинчектер менен иштөө кызыктуу. Ар бир баланын кылык-жоруктарын көрүп күнү кантип өткөнүн билбей калат.

«Кесибим боюнча мугалиммин. Бирок шартка байланыштуу айылдагы бала бакчада тарбиячы болуп 2 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Мага негизи өзүмдүн жумушум жагат. Ар бир күнүм кызыктуу окуялар менен өтөт. Мен кенже тайпанын тарбиячысымын. Балдарым 3 жаштагы кенжетайлар. Башында жумушка жаңы орношкондо кыйналгам. Мен балдарга, балдар мага көнө алышпай бир топ эле кыйналганбыз (күлүп). Балдар жаңы бала бакчага келе баштаганда мени аябай кыйнашты. Эртең менен келгенде ыйлашат. Ата-энесин ээрчип, кое бербей жабышып ыйлап туруп алышат. Аларды алдап, таттуу нерселерди берип алып калчумун. Кээ бир кичинекейлер ойноп жүрүп эле үйүн сагынып, эшикти көрсөтүп ыйлашат. Мен аларга кызыктуу нерсени көрсөтүп, оюнга алаксытам. Акырындык менен мага да көнүп калышты. Биз жумуштан балдардын аң-сезимин өстүрүү үчүн ар түрдүү оюнчуктар менен ойнотуп, кызыктуу нерселерди үйрөтөбүз. Жумуш учурум жакшы көз ирмемдер менен өтөт. Кээ бир ата-энелер «Сиздин сөзүңүздү мыйзам катары аткарышат. Үйдөн биздин сөздү укпайт. Сиз айтып коёсузбу» деп кетишет.

Тайпадагы балдардын бири сологой экен. Сол колу менен тамак ичип, сол кол менен жазат. Мен тамак ичерде оң колуңар менен кармап ичебиз деп үйрөтөм. Ал бала үйүнө барганда «Тарбиячы эжем оң колу менен тамак ичет экен. Мен дагы оң колум менен ичем» деп оң колу менен кашык кармап ичип калды деп ата-энеси сүйүнүп келишкен. Ата-энелер «Негизи үйдөн биз бир нерсе деп айтсак эжекем анткен эмес болчу, сиздики туура эмес дегенсип ыйлап калышат» деп күлүшөт. Эртең менен бала бакчага келе жатышканда маанайлары жок келишет. Ал эми тарап жатканда аябай сүйүнүп, шашып кетишет. Тарбиячы негизи бир гана мугалим же тарбиячы болбостон, актриса, медайым, психолог болушу керек. Анткени ар бир баланын кыял-жоруктары ар башкача болот», - деди ал.

Тарбиячы айым 4 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×