Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 27.11.2019 17:08

Айыл турмушу: Кара-бууралык Г.Байтикова ангор жүндөн кийимдерди токуп, сатып жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын 54 жаштагы тургуну Гүлнур Байтикова ангор жүндөн ар кандай буюмдарды токуп, аларды сатып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, токуу иштери менен алектене баштаганына 7 жыл болду.

«Мен кичинекейимде токуу десе эле чоң апалар эсиме түшчү. Алардын бош убактысы көп болгондуктан токуйт деп ойлочумун. Көрсө кеп кызыгууда экен. Мен акыркы 7 жылдан бери токуп калдым. Эжемдин токуганын көрүп жүрчүмүн. Кол менен жасалган буюм эң жакшы белек болот эмеспи деп ошол эжемден көргөнүмдү эстеп, кызыма баш кийим токуп бердим. Токуганым купулума толуп, кызыга баштадым. Токуунун башкача түрлөрүн ойлонуп, аны менен буюмдарды токуп калдым. Эми болсо токуганда эс алам. Анын пайдалуу экенин окумуштуулар да изилдеп чыккан. Кардарларым бар, дагы көбөйүп жатат. Анан да токулган кийим эч убакта модадан калбайт.

Чоң апам жип ийригенди жашымда үйрөткөн. Эчкилердин, меринос койлордун ангор жүндөрүн жууп, ийрип, боёкко салып, өңдөрүн түрлөп камдап алам. Байпакты 1 күндө токуйм. Кичинекей кыздардын көйнөгүн 400 сомдон, байпактарды 100 сомдон сатам. Жалаң ушул иш менен отургандыктан ойлоп тапкан токуунун түрлөрү көп. Аларга өзүм аттарын коё берем. Бош отуруп, убакытты текке кетиргенди жактырбайм», - деди ал.

Чебер айым 2 кыздын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×