Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 28.11.2019 09:21

«Жолдошум экөөбүздүн сезимдерибизди жашырбайм»: 82 жаштагы Оңол апанын дөөлөттүү карылыгы. Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районунун 1-Май айылынын 82 жаштагы тургуну Беккулова Оңол апа өзүнүн балалык күндөрүн неберелерине жомок катары айтып берет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында төрөлгөн.

«Балалык чагым азыркы замандагыдай жашоодо өткөн жок. Ошентсе да боз топуракта ойноп, чоң энелердин акыл-насаатын угуп чоңойдук. Оюнга тойгон жокпуз. Күнүбүз кара жумуш менен өтчү эле. Көзүм көрүп, кулагым угуп, бутум басканы тамекиде иштеп жүрдүм. Топ балдар болуп ата-энебизге жардам берип, тамекиде иштейбиз. Тизилип отуруп алып тамеки тизебиз. Ойногонго да жетишебиз. Кеч киргенде бутубуз баспай, үйгө араң келебиз. Балабыз да, келип эле уйкуга кетебиз. Ата-энелерибиз эртеңки күндүн оокатын камдап, түнү менен уктачу эмес. Кайра таң атпай туруп, баягы эле жумуштарына жөнөчү.

Жашым 18ге толгондо мага куда түшүп келишти. Кайын энем менен атам сүйлөшүп, экөө эле менин тагдырымды чечип койгон. Жалгыз эле кайын энем бар болчу. Алар куда түшүп келген күндөн көп өтпөй жолдошум Шабин Беккулов келип, үйдөн алып кетти. Ал жолдош баласы менен келген экен. Мени менен кошулуп жеңем да чыкты. Төртөөбүз жөө бири-бирибиз менен кубалашып ойноп, кол кармашып эле үйгө кирип барганбыз. Ал убакта азыркыдай үлпөт той кайдан болсун. Эң башкысы ошол үйдөн тынып, бактылуу жашап, ата-энеңди уят кылбоо керек эле. Эгер ажырашып кетсең уят иш, ата-энебизге сөз тийчү. «Тарбиясы жок кыз экен» деп жаман көрүшчү. Ошол үчүн кыздар намыстанып, уят деген сөздү бийик коюп жашап жүрчүбүз. Азыркы жаштар дүңгүрөтүп той берет. Биринен-бири ашып кымбат көйнөк кийип, кымбат унааларга отурушат. Бирок карап турсаң аз гана убакыт жашашат. Турмуштун кыйынчылыктарына жеңилип, эки ажырым жолго түшүп кеткендер жок эмес. Илгери деген тарбия күчтүү болчу. Турмуштун кыйынчылыктарын өмүрлүк жарың менен бирге жеңип чыкчубуз. Турмуш кургандан кийин идиш-аяк кагышпай койбойт. Бирок сабырдуу болуп койсок эле баары артта калат.

Жолдошум менден 2 жаш улуу эле. Абдан билимдүү адам болчу. Район боюнча жалгыз электрик болуп эмгектенчү. Экөөбүз бактылуу үй-бүлөнүн катарын толуктай алдык. Бирок бактылуу күндөр болот экен, бактылуу жашоо жок экен. Жолдошум экөөбүз аз болсо да жаздай жашадык. 10 балалуу болдук. 2 балабыз чарчап калды. 10 баланы тең Боо-Терек айылындагы төрөтканадан төрөдүм. Учурда 5 уул, 3 кызым бар. Абышкам 1988-жылы 52 жашында оорудан улам кайтыш болуп кетти. Балдарым менен жалгыз калдым. Өзүм өмүр бою тамекиде иштеп пенсияга чыктым. «Ардактуу ардагер» деген медалдар менен сыйланып жүрдүм.

Жаш кезибизде кыйынчылык күндөр көп болду. Анын баары артта калды. Азыр башка заман. 8 балам үй-бүлө күтүп, өз турмуштары менен. Атасы көрбөгөн жакшылыктарды көрүп отурам. Өкүнүчтүүсү атасы жок. Ошол адам экөөбүз тең балдардын жакшылыгын көрсөк болмок. Балдарымдын, неберелеримдин ар бир жакшылыктарын, сүйүнүчтөрүн көргөн сайын атасын эстейм, аттиң кылам. Жолдошум экөөбүз сезимдерибизди жашырбайм. Ортодо жылуу сезим болгондуктан үй-бүлө күтүп, баш коштук. Азыр болсо балпайган баатыр эне болуп, сыйдын үстүндө отурам. Убагында балдарды кыйынчылык менен өстүрсөм, эми минтип дөөлөтүн көрүп келе жатам. Азыр баарына кудайга шүгүр. Неберелерим мектептен келген сайын сабактан алган бааларын көрсөтүп сүйүнчүлөйт. «Апа, сиз менен жатам, жомок айтып бериңизчи» деп жабышат. Ошол учурда өзүмдүн балалык чагымдагы жашоону жомок кылып айтып берип коём. Аларга аябай кызыктуу жомок болуп угулат», - деди Оңол апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×