Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусу, Талас 28.11.2019 12:20

Жаш талант: 17 жаштагы Альмира өзүнүн хоббиси аркылуу киреше таап жатат (сүрөт)

Turmush -  Талас шаарынын 17 жаштагы тургуну Альмира Рустамова кооздолгон белек кутуларды жасап, өзүнүн хоббиси аркылуу киреше табат. Аймактагы кабарчы чебер кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Миң-Булак айылынын кызы. Учурда Талас мамлекеттик университетинин гуманитардык факультетинин студенти.

«Мен кичине кезимде эле кол өнөрчүлүккө жакын болчумун. Кагаздардан бир нерселерди жасаганды жакшы көрчүмүн. 10-классымдан баштап өзүмдүн колумдан жаралган белектерди жакын адамдарыма ыйгарууну туура көрдүм. Алгач жөн эле кагаздан гүл жасап, аны атайын өзүм кооздогон кутуга салып бере баштадым. Аны көргөн тааныштарым туулган күнгө деп мага буйрутма бере баштады. Муну менен алектенүү мага жаккандыктан бул буйрутмалар мага стимул болду десем болот. Ар бир кардардын купулуна толо тургандай кылып, жаңы изденүүлөр менен жасап баштадым. Азыркы учурда кардарларым көп.

Гүлдүн түрлөрүн жасайм. Андан тышкары кече көйнөктөрүнө ылайыктуу сөйкөлөрдү ар түрдүү өңдөр менен жасайм. Жаңы жылга карата кичине бөбөктөргө таттуулары менен жасалгаланган белектерди жасоого буйрутма алам. Азыр мага ортосунда апа деген сөз жазылган гүлдестелерди жасоого буйрутма көп болуп жатат. Ар бир гүлүмдүн баасы 1000 сомдон болот», - деди ал.

Альмира үй-бүлөдө 4 бир тууган. Атасы дыйкан, апасы мугалим.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×