Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 28.11.2019 11:32

Мекендештер: Н.Ибрагимова Москвада кол өнөрчүлүк менен алектенип, кийимдерди токуп жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Бууралык 54 жаштагы Нурбү Ибрагимова Москва шаарында жашап, кол өнөрчүлүк менен алектенип келет. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Буура районуна караштуу Шекер айылында төрөлгөн.

«Бала кезимде эле кийимдерди токуп жүрчүмүн. Апам курак курап, кийим-кечектерди тикчү. Менин кол өнөрчүлүккө кызыгуум апамдан жукса керек деп ойлойм. Бой жеткенде өзүмдүн айылым Шекерге келин болуп калгам. Келин болуп келгенде дагы чеберчилик жумушумду таштаган жокмун. Балдарым кийчү кийимдерин токуп койчумун. Туш кийиз сайып, курак курап жүрдүм.

Бир нече жылдан бери балдарым менен Москва шаарында жашап жатам. Кээде Шекерге барып турам. Азыркы учурда дагы кол өнөрчүлүктүн ар кандай түрлөрү менен алектенип келем. Бул жакта азыр токучулук менен кыз-келиндердин ар кандай кооздуктагы кийимдерин токуп жатам.

Токуучулукка ар кандай убакыт талап кылынат. Мисалы, 1 түгөй байпакты жарым күндө токуп койсом, көйнөктөрдү 1 жумада токуйм. Азыркы учурда Москва шаарындагы кыргыздар кардиган токутуп жатат. Мен буйрутма бергендерге кээде эле токуп бербесем, көбүнчө жөн гана токуйм. Кол акы деп кээде өздөрүнүн жүрөгүнөн чыккан акчаны беришсе, кээде белекке деле токуп берем. Бирок Москвадан 2 орус жана 2 кыргыз кардигандарга буйрутма беришти. Аларга 3000 сомдон токуп бердим. Негизи жиптерин өздөрү алып келип беришсе 1500 сом болот. Азыркы учурда акырындап буйрутма бергендер көбөйүп жатышат. Кол өнөрчүлүгүмдү атайын жарнамалап, сатыкка чыгара элекмин. Көпчүлүгү бири-биринен, тааныштардан көрүп буйрутма берип калышат. Токуганга кызыгып, үйрөнгүсү келгендер өздөрү келип, 3-4 жолу көргөндө үйрөнүп кетишет. Кээ бири билбегенин менден сурап, кандай кылып токушту үйрөнүп турушат», - деди ал.

Чебер айым 3 бала, 7 неберенин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×