Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 28.11.2019 13:10

Жаш талант: 16 жаштагы Талгат балбан чет өлкөдөгү мелдештерге катышып, ийгиликтерди жарата баштады (сүрөт)

Turmush -  Кара-Буура районунун Кара-Буура айылынын 16 жаштагы тургуну Мэлс уулу Талгат 5 жылдан бери күрөштүн бир нече түрү менен машыгып, ийгиликтерди багындырып келүүдө. Аймактык кабарчы жаш балбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, спорт чөйрөсүнө бир тууган акеси Мирхамиддин сунушу менен аралашып калган. Учурда 10- класста билим алып жатат.

«Күрөшкө 5 жылдан бери катышып, мелдештерге чыгып жатам. Бир тууган акем Мирхамид спортко болгон кызыгуумду ойготуп, күрөшкө катыштырган. Өзүмдүн да көрүшкө болгон каалоом бар болчу. Айылдагы залга барганда бат эле өздөштүрүп кеттим. Себеби акелерим да күрөшкө катышып жүрүшчү. Алардын машыгып жүргөнүн көрүп анча-мынча эрежелерди үйрөнүп алгам. Учурда казак күрөш, кыргыз күрөш, самбо, дзюдо боюнча машыгам. Бир учурда спорттун 4 түрү боюнча машыгам. Машыгуу жеңил эле өтөт, кыйынчылыгы деле жок. Бирок жеңил жаракат алган учурлар болот.

Жараткан ийгиликтер кудайыма шүгүр. Өзүмдүн деңгээлиме жараша ийгиликтерди багындырып келе жатам. Мектептер аралык, райондор аралык мелдештер көп эле болуп турат. 1-2-орундарга ээ болуп кайтам. 2018-жылы Казакстандын Тараз шаарында өткөн чемпионатта 4-орунга илингем. Ошол эле жылы Бишкекте самбо боюнча мелдеште 3-орунга илиндим. Кечээ жакында дзюдо боюнча мелдеш өттү. Ал жерден 60 кг салмакта мелдешке чыгып, 1-орунду багындырдым. Ар бир жараткан ийгилигим стимул берет. Оюнда жеңиш жана жеңилүү бирге жүрөт. Бирде жеңилсең, бирде жеңишке ээ болосуң.

Мектеп окуучусу болгондуктан ири мелдештерди көрө элекмин. Бирок келечекте чоң ийгиликтерди жаратып, балбан жигиттердин катарын толуктагым келет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×