Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 28.11.2019 14:34 На русском

«Көрсө ал жакын кайын агам болот экен»: Таластагы окуучунун ыйы, мугалимдин сыры. Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районунун Түйтө айылынын тургуну Нургиза Сооронбаева 9 жылдан бери кыргыз тилчи мугалим болуп иштеп келе жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Кыргызстан айылында төрөлгөн.

«2005-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факултетине баргам. Окууну аяктагандан кийин жайында айылга келгенде жеңем үйүнө чакырды. Ошол жерден келечектеги жолдошум менен тааныштырды. Бир жолу жолуккандан кийин шаарга кетип калгам. Жолдошум аркамдан барып алып келген. Ошентип 2010-жылы Бакай-Ата районунун Түйтө айылына келин болуп келдим. Азыр ушул эле айылдагы Солтонбек Көчөрбаев атындагы мектебинде 9 жылдан бери кыргыз тилинен сабак берип эмгектенип келе жатам.

Негизи мен кичинемде географ болууну каалачумун. Кошуна жашаган акебиз тоо-кен адистигин алып, чет жактарга көп чыгып жүрчү. Аны көрүп, келечекте мен дагы ушундай саякатчы болом дегем. 11-классты аяктаган соң апам кыргыз тилчи мугалим болууга кеңеш берип, «Кыргыз тилчилердин мектепте сааты көп, көп айлык аласың. Кийин турмушка чыксаң мектепте ишиң болот» деп университетке өзү алып барган. Ошентип кыргыз тилчи мугалимдикке окуп калгам. Кудайга шүгүр, чын эле апам айткандай болду. Өзүмдүн кесибимди жакшы көрөм.

Жаңы иштеп жүргөндө чачым аябай узун болчу. Өрүп туруп, аркама таштап койчумун. Окуучуларым чачыма суктанып, үйлөрүнө «бизге чачы узун жаңы эже келди» деп айтып барышкан экен. Кандай болду экен деп атайын келген ата-энелер да болгон. Жаңы иштеп жүргөндө 6-класска сабак өтүп жатып, окуучуларга биринчи жолу баа коюп бергем. Баарына билимине жараша койгом. Эртеси күнү мектепте бир аке келди. «Менин кызым жалаң 5 деген баага окуйт, кечээ 3 коюп коюпсуңар. Кечке ыйлап жатат» деди. Мен «татыктуу баасын койдум» деп тайманбай эле жооп бердим. «Мен ким экенимди билесиңби?» деп кеткен. Мен ушундай да болот экен деп жолдошума айтып келгем. Көрсө ал жакын кайын агам болот экен. Көргөн сайын уялып жүрдүм. Кийин ошол 3 койгон окуучума жардам берип, ал кыргыз тили сабагынан көп сынактарга катышып, жакшы орундарды камсыздап жүрдү», - деди ал.

Мугалим айым жолдошу Зайырбек экөө 1 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×