Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 01.12.2019 20:27

Н.Калдаева 6 кыздан кийин уул төрөгөндө жолдошу алмашып кетпесин деп таң атканча өзү карап чыккан (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районуна караштуу Өзгөрүш айылынын 37 жаштагы тургуну Насикат Калдаева 6 кыздан кийин уул төрөгөндө ишене албай сүйүнгөн. Аймактык кабарчы андан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районуна караштуу Маданият айылында төрөлгөн.
19 жашында Өзгөрүш айылына келин болуп келген. «Баатыр эне» сыйлыгын быйыл алган.

«Биздин үйдөгүлөрдүн бардыгы намаз окуган адамдар болгондуктан, чоң атасы балдарыма мусулманча ысымдарды койгон. Бир гана бешинчи кызымдын атын ырымдап Жаңыл деп койгонбуз. Кыз төрөй бергендиктен жаңылсын, мындан кийинкиси бала болсун дегенбиз. Бирок Жаңылдан кийин кыз болгон (күлүп). Андан кийин ырымдап деле койгон болбойт экен деп, Жаңылдан кийинки кыздын атын Амина деп чоң атасы койгон. Бирок кудай буйруп жетинчиси уул болду.

Бизде кыз төрөй берип, УЗИге барсам эркек болот деп айткан болчу. Бирок мен дагы деле ишенбей койгон болчумун. Себеби буга чейинки кыздарымды дагы УЗИге барганда 90% эркек деп айтышып, бирок кыз төрөлүп калчу. УЗИге деле ишенбей жүрдүм. Ошентип акыркы балабыз төрөлгөндө чоң апаларыбыз, чоң атасы сүйүнүп, коңшу-колоңдор дагы сүйүнгөн болчу (күлүп). Жолдошум болсо таң атканча жанымдан кетпей, алмашып кетпесин деп баласын карап отурду (күлүп). Башында бала десе, жолдошум экөөбүз тең ишенбей көпкө жүрдүк. Баланы бөлмөгө алып киргенде экөөбүз ишенбей, балабы деп акырын карап көргөн болчубуз. Балабыздын атын, чоң атасы менен атасы Абдулазиз деп койду. Мааниси «Алланын кулу» дегенди түшүндүрөт. Уулубуз азыр 2,5 жашта.

Үйдө көбүнчө бош убакыт деле боло бербейт. Кыздарым мектепке барышат. Аларды сабакка жөнөтөсүң, кайра тосуп аласың. Негизи көп балалуу болгон деле жакшы. Анткени бири-бирин карап чоңоюп калышат экен. Биринин кийимин бири кийип, үй жумуштарына дагы окууга кеткенче жардам берип кетишет. Сабакты жакшы окугула деп 1 күн дагы калтырбай окууга жиберебиз. Бардыгы жакшы окуп, өз жолдорун тапса экен дейбиз», - деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле кол өнөрчүлүк менен алектенерин кошумчалады.

«Кээде бош болуп калганда кол өнөрчүлүк менен алектенем. Мурда тигүү цехинде кийим тигип иштегем. Балдарыма жемпир, байпактарды токучумун. Кол өнөрчүлүктү кичинекей кезимде апамдан үйрөнүп алгам. Апам бизге ар кандай кездемелерди берип койчу. Ошентип үйрөнүп кеттик. Андан кийин келин болуп келгенде балдарыма, үйдөгүлөргө кийим токуп берип жүрдүм. Азыр убакыттын тардыгына байланыштуу балдарыма байпактарды, баш кийимдерди гана токуп берип жатам», - деди ал.

Насикат айымдын уул-кыздары:

- Данияр кызы Зульфия — 2003-жылы төрөлгөн;

- Данияр кызы Бермет — 2004-жылы төрөлгөн;

- Акбердиева Фатима — 2007-жылы төрөлгөн;

- Акбердиева Самира — 2010-жылы төрөлгөн;

- Акбердиева Жаңыл — 2012-жылы төрөлгөн;

- Акбердиева Амина — 2013-жылы төрөлгөн;

- Акбердиев Абдулазиз — 2017-жылы төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×