Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 28.11.2019 16:52

«2 жылдан бери талаа жумуштарын токтоттум»: Элеттеги миллионер С.Бегалиевдин ийгилиги (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын 38 жаштагы тургуну Султан Бегалиев мырза айылындагы миллионерлердин бири. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Анын айтымында, койлорду семиртип сатат.

«Мен дыйканчылык менен алектенчүмүн. Бирок эккен төө буурчак мээнетиңди актабагандан кийин деп малга өтүп кеткем. Башында 10 кой алдым. Алардын ар бирин 3700 сомдон баалап сатып алгам. 10 баш кой 1 жылда 20 башка көбөйдү. Мал көбөйгөн сайын сарайды да чоңойттум. Сарайдын узуну 38 метрди, туурасы 18 метрди түзөт. Жалпы сарайды тургузуш үчүн 2 млн сом каражат кетти. Бирок мунун чыгымын 1 жылда актап койду. Койлор 2 жылда 300 башка жетти. Учурда сарайда 300 баш кой турат. Аларды семиртип сатам. Койлорду февраль айынан баштап сата баштайм. Ал убакка чейин семирип, байланып турат. Буларга 4 маал чөп, 2 маал жем беребиз. 150 миң сомго 10 тонна жүгөрү сатып алдык. Ал жем 2 айга жетет. Ошондой эле 1 миң түк чөп алдык.

Андан сырткары төө буурчактын бакалдарын да кошумча кылып беребиз. Атайын бир тууган иним жардамдашат. Ага ай сайын 10 миң сом айлык бөлүп берип турам. Дагы бир малчы бар. Кезеги менен карашып турат. Койлор көп оорубайт. Алдын бат-баттан тазалып турабыз. Антпесе буттары чыла болуп, баса албай калышат. Убагы менен дарылап, убагы менен сугарып туруш керек.

Койлорду 3 ай сайын сатып турам. 3 айдын ичинде семирип калат. Атайын келген кардарлар сарайдан алып кетишет. Мал базарга алып чыкпайм. Турган жеринен эле сатып кетишет. Кечээ жакында эле 6 миң сомдон деп сурап келишти. Бирок саткан жокпуз. Анткени булар 7,5 миң сомдук койлор. Жалпы бул жерде 1,5 миллион сомдук койлор байланып турат.

Негизи мал менен иштесең утат экенсиң. Мен 2 жылдан бери талаа жумуштарын таштап, жалаң мал менен алек болуп жатам. Пайдасы өтө жакшы. 1 кой 40 кг чейин эт берет. Миллионер болуш үчүн акча деле маанилүү эмес. Болгону ыгын таап, ишти алып кетиш керек. Атайын айылдагы көп балалууларга, жардамга муктаждарга мал союп таркатып турам. Ушунча малың бар туруп унчукпай коюу туура эмес. Жардамдан качпайм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×