Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 01.12.2019 17:45

Таластын Боо-Терек айылындагы мектеп эскирип, окуучулар 3 мөөнөт менен окуп жатышат (сүрөт)

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылынын Дооронбек Дүйшөбаев атындагы орто мектеби жаңы имаратка муктаж. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мектептин директору Гүлнара Сатымкулова билдирди.

Анын айтымында, 120 орундуу окуучуга ылайыкташкан бул мектеп 2003-жылы ашар жолу менен салынган. Бирок учурда 304 окуучу билим алып кетет.

«Район боюнча 2 мектеп чоң имаратка муктажбыз. Алардын бири биздин мектеп. Окуучулар 3 мөөнөт менен окушат. Имарат ушул убакка чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Бул жер мурда саз болгон экен. Ошонун үстүнө эле мектеп салынган. Кышы менен мектептин ичи башкача жыттанып турат. Жаз мезгилинде дубалдар түшүп баштайт. Саз жер болгондуктан нымдашып пайдубалдары жараксыз болуп калат. Ушул убакка чейин кайрылчу жерлерге барып кайрылып жүрдүк. Бирок тийиштүү жооп ала албай келебиз.

Мектептин алдында 30 сотых жерибиз бар. Анда окуучулар биология сабагынан практика түрүндө сабак өтүп жүрүшөт. Алган түшүмүн өзүбүздүн ашканабызда колдонобуз», - деди ал.

Ал эми райондун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Дооронбековдун айтымында, жаз айларынан баштап жаңы мектептин курулуш иши башталат.

«Район боюнча 2 мектеп 3 мөөнөт менен окушат. Анткени класс кичинекей, окуучулар көп. Биз бул маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Буйруса жаз айларынан баштап жаңы мектептин курулуш иши башталат. Мектептин курулганына 16 жылдын жүзү болду. Мектептин сырты жакшынакай көрүнгөнү менен ички бөлмөлөрдүн эскилиги жетти. Ичи ным болуп турат экен. Алдыда балдар жаңы жана чоң мектепте билим алып калышат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×