Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 28.11.2019 20:00

Таластын Чоң-Кара-Буура айылында карышкырлар күч алып, эл балдарын мектепке жибергенден коркуп жатышат

Turmush -  Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылындагы жаңы конушта карышкырлар күч алып, тургундар балдарын мектепке жибергенден коркуп жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүүлөр билдиришти.

«Биз жаңы конушта жашайбыз. Бул жак ээн, караңгыда жарык берүүчү жабдыктар жок. Эртең менен эрте балдар сабакка кетишет. Мектепке жибергенден коркуп калдык. Карышкыр кол салса эмне болот?», - деди алар.

Мергенчи Манас Көчөрбаевдин айтымында, түндө жана таңга маал айылды 2 жолу айланып, карышкырларды аңдып атып жатышат.

«Биз айылдын коопсуздугу үчүн таң атып жаткан маалда айылды 2 жолу айланып келебиз. Айылда карышкыр, чөөлөр жүргөнү калп эмес. Суук түшкөндө жаңы конуштар жакта карышкыр, чөөлөр жүрө беришет. Аткандарын атып келебиз. Атайын мергенчилер болуп түндө жана таңга жуук аңдып жүрөбүз. Ок-дарыларыбыз жаныбызда. Айыл тургундары да кайрылышкан. Учурда 2-3 карышкыр атылды», - деди ал.

Айылдын башчысы Нургазы Рысбековдун айтымында, жаңы конушту жарыктандыруу иштери жаз айларында жүргүзүлөт.

«Жаңы конуштар айылдан сырткараак жайгашкан. Жарык берүүчү жабдыктар коюлган эмес. Бирок жаз айларында жарыктандырылат. Биз мергенчилер менен иштешип жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×