Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуБакай-Ата району 29.11.2019 08:49

Таластын Боо-Терек айылындагы мектеп жаңы имаратка муктаж. Сүрөт

Turmush -  Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы Дооронбек Дүйшөбаев атындагы орто мектеп чоң имаратка муктаж. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мектептин директору Гүлнара Сатымкулова билдирди.

Анын айтымында, мектептин имараты 2003-жылы ашар жолу менен 120 окуучуга ылайыкталып курулган.

«Учурда мектепте 304 окуучу 3 нөөмөт менен окуйт. Мектеп буга чейин капиталдык оңдоодон өткөн эмес. Мурда бул жерде саз болгон экен. Ошонун үстүнө эле мектеп салынган. Саз жер болгондуктан имараттын ичи нымдашып, пайдубалы жараксыз болуп калган. Сыртынан жаңы мектептей эле көрүнөт. Биз учурда чоң имаратка муктажбыз. Ушул убакытка чейин тиешелүү жерлерге кайрылып келдик. Бирок жооп боло элек.

Мектептин алдында 30 сотых жерибиз бар. Анда окуучулар биология сабагынан практикага чыгышат. Алган түшүмдү мектептин ашканасына колдонобуз», - дейт ал.

Ал эми Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Дооронбековдун айтымында, район боюнча эки мектеп чоң имаратка муктаж.

«Эки мектепте окуучулар 3 нөөмөт менен окушат. Анткени класстар кичинекей, окуучулар көп. Бул мектептин курулганына 16 жылдын жүзү болду. Сырты жакшынакай көрүнгөнү менен ичи нымдуу болуп турат экен. Биз бул маселени чечүүгө аракет кылып жатабыз. Жазында мектептин курулушу башталат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×