Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 29.11.2019 18:02

Өзгөчө ысым: Таластык О.Калыгулованын ысымын кайын журту өзгөртүп алган

Turmush -  «Өзгөчө» ысым» рубрикасынын кезектеги каарманы — Кара-Буура районунун Ак-Жар айылынын 38 жаштагы тургуну Олимпи Калыгулова. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Өзүнүн айтымында, Бакай-Ата районунун Кең-Арал айылында туулган. Мектепти аяктагандан кийин 2002-жылы Талас мамлекеттик университетинде билим алып баштаган. Ошол эле маалда кийим тигүүчү цехте иштеген.

«Жогорку окуу жайда башталгыч класстардын мугалими адистиги боюнча билим алып, окууну 2007-жылы аяктадым. Ысымымды уккандар талкуу кылышат. Атымды өзгөчө экен деп айткандар көп. Бирок "ысымыңдан уялбайсыңбы?" деп сурагандар да бар. Атам менен апама "эмне үчүн мага мындай ысым коюп койдуңар эле?" деп ыйлаган күндөрүм көп болгон. Менин ысымымды атамдын бир тууганы коюптур. Ал киши футболдун күйөрманы болгон. Мен төрөлгөн жылы футбол боюнча чоң мелдеш өтүп жатыптыр. Анан атам менен апамды кыйнап жатып, ысымымды спортчу болсун деп Олимпи койдуруптур. Апам "айтып келсе эле ойлонбой коюп коюптурбуз" деп айтып калат. Бирок мен спортко кызыкпайм. Турмушка чыккандан кийин кайын журтум "Алия" деп чакырып калышты. Өзүмдүн ысымымды төркүнүмө барганда эле угам», - дейт Олимпи жеңе.

Ал 28 жашында турмушка чыккан.

«Курбу кызымдын айылына конокко баргам. Жолдошум менен ошол жактан таанышып, курбу кызымдын айылына Ак-Жарга келин болдум. Жолдошум Барат Жолдошев 38 жашта. Учурда 4 баланы тарбиялап жатабыз. Улуу уулубуз 9 жашта, кенжеси 3 жашта. Жолдошум экөөбүз дыйканчылык, мал чарба менен алектенебиз», - деди Олимпи Калыгулова.

Ал 1981-жылы туулган. Ошол жылы футбол боюнча СССРдин 44-чемпионаты өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×