Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусу, Талас 29.11.2019 15:24

Сол колу менен да сүрөт тарткан Сыймыктын эмгектери. Сүрөт

Turmush -  Талас шаарынын 18 жаштагы тургуну Сыймык Субанкулов сүрөтчүлүк өнөрүн өркүндөтүп келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2001-жылы туулган. №7 мектепти аяктагандан кийин Талас мамлекеттик университетине кабыл алынып, англис тили факультетинде окуп жатат. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

«Англис тилин үйрөнүп, дүйнө жүзүн кыдырган ыктыярчы болгум келет. Азыртадан эле ыктыярчы болуп иштеп келем. Окуудан тышкары сүрөт тартам. Бул өнөрдү кичинекей кезимден бери өркүндөтүп келе жатам. Башында мультфильмдердеги каармандардын сүрөтүн тартып жүрчүмүн. Учурда дубалдарга да сүрөт тартам. Бул багытта 2015-2016-жылдары бир жыл билим алгам», - дейт жаш сүрөтчү.

Ал сүрөттү сол жана оң колу менен бирдей тартат.

«Мен шаарда окуп жүргөндө бир жылы лагерге бардым. Ошондо тоого чыгып, сүрөт тартчубуз. Эс алгандар менин тарткан сүрөттөрүмдү көрүп суктанышкан. Сол кол менен тартканыма дагы таң калышкан болчу. Мен сүрөттү эки кол менен бирдей тартам. Эми 3D форматта сүрөт тартууну үйрөнөйүн деп жатам.

Атам дагы жаш кезинде сүрөт тартчу экен. Туугандарым «силердики тубаса талант» деп айтып калышат. Мектепте окуп жүргөндө сүрөт тартуу боюнча сынактарга катышып, байгелүү орундарды алчумун. 11-класста «Биз адам сатууга каршыбыз» деген сынактан 2-орунду алгам», - деди Сыймык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×