Бөлүмдөр
Бейшемби, 12-декабрь
Талас облусуКара-Буура району 29.11.2019 21:00

Кара-Буурада окуучулар арасында КВН өттү

Turmush -  Кечээ, 28-ноябрда Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылында окуучулар арасында КВН өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага жалпы 4 команда катышты: 11-класстардын «Оригинал», 9-класстардын «Татынакай», 8-класстардын «Ажардуу» (симпатичный) жана жигиттердин курама командасы.

КВНдин максаты — жаш таланттарды өстүрүү, айыл өкмөттөрдө маданий иш-чараларды жайылтуу жана айыл тургундарына жагымдуу маанай тартуулоо. Жыйынтыгында 1-орунду «Оригинал» командасы жеңди. Ал эми «Эң мыкты оюнчу» болуп Минур уулу Гүлжигит табылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×